01.07.2016 19:00

Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарын экранга чагылдыруусу үчүн “NHK” япониялык телекомпаниясы чакырылды

Токио шаарында Кыргыз Республикасынын Япониядагы элчиси Чынгыз Айдарбеков жана “NHK” коомдук телерадиокомпаниясынын президенти Катцуто Момиинин жолугушуусу болду. Бул тууралуу КР ТИМ басма сөз кызматында маалым болду.

Тараптар Япониянын алдыңкы телерадиоберүү корпорациясы – “NHK” менен кызматташуу багыттары тууралуу сүйлөштү.

Элчи Чынгыз Айдарбеков парламенттик демократияны КРда орнотуунун жетишкендиктери жана мамлекеттик башкаруу органдарынын жүргүзгөн реформалары тууралуу маалымдады. Ошондой эле эки мамлекеттин башчыларынын акыркы жылдагы ишке ашкан эки тараптуу иш сапарларынын жыйынтыгында орногон  кыргыз-япон мамилесинин жогорку деңгээлин белгилеп өттү.

Элчи келерки жылы КР жана Япониянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 25 жылдыгына карата уюштурула турган майрамдын алкагында Катцуто Момииден бул иш-чараны жана кыргыз-япон мамилесин экранга чагылдырууда жардам көрсөтүшүн өтүндү.

Элчи маданий ар түрдүүлүк тууралуу айтып жатып, Кыргызстанда 2016-жылы 3-8-сентябрда экинчи “Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары” өтө тургандыгын маалымдады. Оюндардын өзгөчө маанисин баса белгилеген Чынгыз Айдарбеков “NHK” телекомпаниясына кайрылып, бул чоң маданий жана тарыхый иш-чараны экранга чагылдырууга катышуусун суранды.

“NHK” президенти Катцуто Момии Кыргызстандын өнүгүүсү тууралуу берилген кенен маалымат үчүн ыраазычылыгын билдирип, элчи Чынгыз Айдарбековду Японияда жаңыдан башталган кызматы менен куттуктады. Япониянын жана Кыргызстандын ортосундагы мамилени бекемдөө максатында айтылган демилгелерди колдоого даяр экендигин билдирип, Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарына аталган компаниянын өкүлдөрүн съемкалык топ менен жиберүү маселеси жакынкы күндөрү  караларын белгилеп өттү.

Алынган булак: Кабар