05.08.2016 08:00

Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарына катыша турган КРнын ордо боюнча курама командасынын курамы аныкталды

Экинчи Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарына катыша турган КРнын спорттун улуттук түрү ордо боюнча курама командасынын курамы аныкталды.

Спортчуларды тандоо Чолпон-Ата шаарында 24-29-августта өткөн “Алтын Томпой” Эл аралык турниринде жана Ош шаарында 28-апрелде өткөн Кыргызстандын чемпионатында жүргүзүлгөн.

Команданын курамында 8 спортчу бар. Спортчулар башкы машыктыруучу Жаныбек Айталиевдин жетекчилиги астында катышат.

Команданын курамы:

Кадырали Арзыбаев 23.12.1963 СЧТ
Кыяз Сейталиев 12.01.1980 КРСЧ
Бакытбек Кобошов 28.01.1983 КРСЧ
Нуркалый Тажыканов 27.12.1969 СЧТ
Улан Медетбеков 11.06.1970 1-разряд
Кубанычбек Монолдоров 27.09.1995 СЧТ
Нурдин Нураков 12.11.1971 СЧТ
Жылдызбек Озубеков 09.08.1969 КРСЧ

Эскерте кетсек, Экинчи Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары Чолпон-Ата шаарында 3-8-сентябрда өтөт.

Алынган булак: КР Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы