01.01.2018 17:51

Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарындагы жаңы боёктор

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында маштабдуу оюндардан башка да көптөгөн өзгөрүүлөр киргизилди. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын имиджи жаңыланып, көптөгөн жаӊы боёктор менен кооздолду. Көчмөндөр ондарынын эн белгиси жаӊыланып, анда көчмөн элдеринин баалуулуктарын чагылдыра турчу идея камтылды. Жаӊы эн белги Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жөн гана таймаш талаасы эле эмес, ошол элдин маданиятын чагылдыруучу чоӊ арена экенин түшүндүрөт. Логотиптеги ар бир түс, ар бир белги көчмөн турмушуна тиешелүү болгон маанини камтыйт.

                                                  
 Эн белгинин так ортосунда баарына белгилуу болгон “Ат үстүндөгү күн адамы” чагылдырылган.
эн белги ааламды түшүндүргөн айлана менен сызылган, ат болсо көчмөн элдеринин башкы символу болуп эсептелинет, ал эми ат үстүндөгү адам жөн гана адам эмес күн адамы.
Борбордук фигуранын башы төрткө бөлүнгөн, ал дүйнө жүзүнүн төрт тарабын жана асман баалуулуктарын билдирет.
Эн белгинин борбору болуп-күн саналат. Көчмөн жашоосунда күн абдан чоӊ ролду ойнойт. Ал тазалыктын жана теӊдиктин символу. Кыргыз эли үчүн күн өзгөчө маданий мааниге ээ. Бул тууралу Саймалуу-Таштагы сүрөттөрдөн билсек болот. Кыргыз эли көчмөн цивилизациясынын өкүлү катары жан дүйнө тазалыгын өйдө коюп, сактап келишкен. Алар “күн баарына бирдей тиет” деген идеяны кармашкан.
Эн белгинин автору: сүрөтчү Майрамкул Асаналиев

                                                     

 III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эн белгиси негизги көчмөндөр оюндарынын эн тамгасын байытып, дал келди десек жаӊылышпайбыз.
    Логотипте үч бурчтук фигуралар көп кездешет. Себеби, үч бурчтук көчмөн элинин жашоосунда өзгөчө маанини ээлейт. Көпчүлүк көчмөн элдеринде үч бурчтук жогорку күчтөрдү жана аларга жакын болууну, ишенүүнү түшүндүрөт.

                                                     

 Кыргыз эли жогорку күчтөргө ишенишет жана тумар колдонушат. Тумар үч бурчтук фигура түрүндө болот.

                                                         

Жаратылыш - көчмөн турмушунун негизи болуп саналат. Ошондуктан жаратылыш көрүнүштөрү, табигый кубулуштар көчмөн турмушунун маанилүү атрибуттары болуп эсептелинет.
  Ичине тоонун сүрөтүн камтыган тумар “сактоочу тоолор” деген  маанини  билдирет. 

                                                        

Үч бурчтуктун ичине тартылгын “киши” же “эл” – “ өз маданиятын, ата-бабасын, каада-салтын сактаган эл” деген маанини берет.

                                                         

Сүрөттөрү бар тумарлардын көптүгү кыргыз көчмөн элинин маданиятын чагылдырат. Кыргыз элини маданиятынын башында “жети ата” жана “Манастын осуяты” турат.
12 “Сактоочу тоолор” тартылган тумар - жыл ичиндеги 12 айды билдирет.
24 “Сактоочу эл” тартылган тумар - 24 айды же болбосо 2 жылды түшүндүрөт.
40 күн жебеси – Манас баатырдын 40 чоросун билдирет.
 Бул эн белгинин ичинде эӊ чоӊ идея жашырылган. Ал “Көчмөндүн ааламы” деген идея. Жогорууда айтылгандардын баары ар бир көчмөн эл үчүн абдан чоӊ маанини ойнойт.