01.08.2016 19:00

Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын расмий гимни эл назарына сунушталды

 

Гимндин тексти:

Байыртадан көчмөн калкы баштаган,
Оюндарын көчмөн эли барктаган.
Ар тараптан келген конок агылып,
Дасторкондо ынтымагын даңктаган.

Жерди чапчып аттар кетти жулунуп,
Ат дүбүртү тээ алыска угулуп.
Дене бойду титиреткен оюндар,
Ал тарыхка кайрыйт элди бурулуп.

Кайырма
Көчмөндөрдүн улуу көчмөн оюну,
Көчмөн оюн ынтымактын коругу.
Оюндар көп бирок билгин дайыма,
Көчмөн элдин оюнунда жолу улуу.

Эр эңиш бар, эр билектүү балбандар,
Көк бөрүдө көк жал улак тарткандар.
Тогуз коргоол акылдарды курчутса,
Көзү курчтан жамбы таамай аткан бар.

Көчмөндөр баскан
Улуу жол дастан
Урпакка тарайт!

Сөзү: Уланбек Абдрахманов.
Музыкасы: Эмиль Кенжекулов.