14.07.2016 12:00

Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын жаңы расмий сайты иштей баштады

2016-жылы 1 июль күнүнөн тарта “Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары 2016” расмий сайты иштей баштады. Анын дизайны толугу менен Оюндардын өзүнө тиешелүү стилине ылайык аткарылган. Сайтты ДКО катчылыгындагы кызматкерлердин көзөмөлү жана жетекчилиги астында “IT Attractor” ресурстук борбору иштеп чыкты. Сайтты иштеп чыккан топтун курамы: директор – Косяков Максим, долбоордун жетекчилери – Юрченко Вероника жана Галунова Мария, иштеп чыгуучулар Глебов Вадим, Фролов Валерий ж.б.

Сайтты даярдоо учурунда “Svetofor” компаниясынын негиздөөчүсү Азиз Солтобаев, ошондой эле компаниянын башка кызматкерлери – Ищенко Александра жана Чилмергенова Фариза  менен биргеликте издөө системасы жана комплекстүү аналитиканын алдында социалдык тармактарда алга илгерилетүү жана иш алып баруу, сайттын жана контенттин оптимизациясына байланыштуу маселелер боюнча консультациялар өткөрүлдү.

Сайтты түзүү үчүн мамлекеттик бюджеттен акча сарпталган жок. Ал Тентиев Амандын (“The Farm” инвестициялык компаниясы) көргөзгөн спонсордук жардамынын негизинде түзүлдү. Сайт “КыргызТелеком” ААК серверлерине орнотулду, бул ААК да сайтты башкаруу жана оңдоо жаатында колдоо көрсөткөн.

Сайттын башкы бетинде менюнун саптары, кабарлар блогу, маалыматтык баннер, спорттун түрлөрүнүн пиктограммасы, сүрөт жана видео галерея, ДКО спонсорлору жана өнөктөштөрү блогу орун алган. Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары өтүп жаткан маалда ДКО алкагындагы бардык иш-чаралардын ырааттамасы жана программасы, ошондой эле медалдык эсеп сайтка жарыяланат. Сайт кыргызча, орусча жана англисче 3 вариантта даярдалды. Сайтка кирген адам өзүнө  ылайыктуу версияны тандап алат, ал тандоо кийинки сайтка кирүү учурунда да сакталуу болот.

Мындан сырткары, Оюндарга катыша турган жана катыша тургандыгы тууралуу расмий арызы жөнөтүлгөн  өлкөлөрдүн жеке баракчалары (өлкө тууралуу маалымат, спорттун түрлөрү боюнча катышуучулардын саны жазылат) жана спортчулардын жеке баракчалары (спортчу тууралуу маалымат, резюме, спорттук мелдештердеги жыйынтыктары жазылат) даярдалат, ошондой эле электрондук дүкөн да ачылат, анда Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын бренди менен даярдалган сувенирдик буюмдарды көрүүгө жана сатып алууга ар биринин мүмкүнчүлүгү болот. 

Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын сайтынын мурунку версиясы (ДКО 2014) архивке киргизилди. Андагы керектүү бардык маалыматтар ДКОнун жаңы сайтына өткөрүлдү.