11.08.2016 09:26

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган почта маркаларынын сериялары жүгүртүүгө киргизилди

Кыргыз Республикасында KEP (Kyrgyz Eхpress Post) почта маркаларынын сериялары жүгүртүүгө киргизилди.

КРнын Маалыматтык технологиялар жана байланыш  мамлекеттик комитети билдиргендей, жакында өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы спорттун үч түрүнө арналган 50 сом, 100 сом жана 150 сом номиналындагы маркаларда чабандестердин күрөшү (эр эңиш), атчан жаа атуу жана өрт жалындаган чабандес чагылдырылган.

Маркалар жалпысынан 216 миң нускадан турат. Почта маркаларынын автору – Виталий Погольша.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынына арналган тематикалык почта маркалары Кыргызстандын “Kyrgyz Eхpress Post” почта бөлүмдөрүндө үстүбүздөгү жылдын 8-августунан тартып сатыкка коюла баштады.  Аларды Бүткүл дүйнөлүк почта биримдигинин бардык өлкөлөрүндөгү каттардын жана почта карточкаларынын төлөмдөрүндө колдонсо болот.

Белгилей кетсек, экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үстүбүздөгү жылдын 3-8-сентябрында Ысык-Көлдө өтөт.

Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын катчылыгы