25.08.2016 19:15

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына биринчилерден болуп Түркмөнстандын делегациясы келди

Кыргызстанга Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга биринчилерден болуп Түркмөнстандын делагациясы келди.

Коноктор менен бирге оюндун ачылышында жана Кырчын жайлоосунда оор номерлерди аткаруу үчүн ахалтекин пародасындагы күлүктөр дагы алынып келинди.

Түркмөн делегациясын белгилүү “Галканыш” жана "Түркмөн жигиттери” каскадерлер тобунун мүчөлөрү көрсөтөт. Каскадерлер ДКОнун ачылышында ат үстүндөгү татаал гимнастикалык жана акробатикалык ыкмаларды көрсөтүшөт.

"Галкыныш" тобунун жетекчиси Пыгы Байрамдурдыевдин айтымында, алар Кыргызстанга биринчи жолу келишүүдө. “Кыргыз элине биздин көрсөткөн номерлерибиз жагат деп ишенебиз жана Көчмөндөр оюндарына катышып жатканыбызга кубанычтабыз”, - деди ал.

Түркмөнстандын делегациясы 17 адамдан турат, алар аттарды ыңгайлаштыруу, андан ары оюндарга даярдануу үчүн Ысык-Көлгө жөнөп кетишти.

Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 3-8-сентябрда Ысык-Көлдө өтөт.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы