02.09.2016 14:49

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катыша турган спорттук делегациялар келүшүүдө

Чет элдик спорттук делегациялар Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келе башташты.

Бүгүнкү күндө 39 мамлекеттин өкүлдөрү Ысык-Көлгө келди, алардын катарында Азербайжан, Антигуа жана Барбуда, Армения, Бангладеш, Белоруссия, Бенин, Бразилия, Венгрия, Гватемала, Германия, Грузия, Индия, Иран, Испания, Италия, Кытай, Латвия, Литва, Мадагаскар, Монголия, Жаңы Зеландия, Норвегия, Пакистан, Польша, Молдова Республикасы, Орусия Федерациясы (Башкортостан, Карачаево-Черкессия, Красноярск крайы, Свердлов облусу, Татарстан, Хакасия, Челябинск облусу), АКШ, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия, Өзбекстан, Украина, Филиппин, Финляндия, Чехия, Швейцария, Шри-Ланка, Эквадор, Түштүк Корея бар.

Калган катышуучулар бүгүн 2-сентябрда жана эртен 3-сентябрда түшкө чейин келишмекчи.

Азыркы тапта мелдешке катыша турган спортчулар мандаттык комиссиянын каттосунан өтүп, аккредитациялык карталарды алып жатат. Андан соң жаңы климатка көнүп, мелдештин астында эс алып алуусу үчүн мейманканаларга жайгаштырылууда. 

Эскерте кетсек, Ысык-Көл облусу 3-8-сентябрь күндөрү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтө турган аянтча болмокчу.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы