01.09.2016 14:54

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземинде дүйнөгө таанымал жылдыздар

Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын 8-сентябрда өтө турган жабылыш аземине дүйнөгө таанымал жылдыздар катышат, алардын катарында Орусиядан, АКШдан, Түркиядан, Азербайжандан, Казакстандан, Франциядан келген ырчылар, бийчилер жана топтор бар.

Оюндардын жабылыш аземинде Ottawan аталышындагы франциялык топ катышат. Бул группа “Диско дуэт” эпохасындагы ийгиликтүү жана угармандарынын саны арбын болгон музыкалык коллектив, 80-жылдардын эң популярдуу топ.

Ошондой эле популярдуу орусиялык “А'Студио” тобунун экс-солисткасы Полина Гриффис, Орусия Федерациясынын аты таанымал “Город 312” тобу, Казакстандын белгилүү “Аюми” тобу, “Turkvizyon 2013” жеңүүчүсү – Азербайжандын ырчысы Фарид Хасанов, “Turkvizyon 2014” финалисти – Түркиянын ырчысы Кылыч Фунда да өнөрүн тартууламакчы.

Өзүнүн ыры менен  Бурятиядан келген (Орусия) дуэт Евгений Золотарев жана Н. Лхасаранова да сахнага чыгат.

Андан сырткары, Кыргызстандын бийчиси Жан Воинов менен  АКШнын таанымал бийчиси Родригестин өнөрүнө көпчүлүк күбө болот.

Жабылыш аземине ошондой эле Кыргызстандын эң көрүнүктүү жылдыздары да катышат.

Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2016-жылдын 3-8-сентябрында Ысык-Көлдө өткөрүлөт. 

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы