10.07.2018 19:06

Эл аралык этномаданият фестивалына катышууга Бишкекте конкурсанттарды тандоо туру өтүүдө

                     

Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда 10-11-июлда III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 3-7-сентябрда, Ысык-Көл жээгиндеги “Nomad” амфитеатрында өтө турган “Көчмөндөр ааламы” аттууэтномаданият фестивалына катышуучулардытандоо сынагы өтүүдө. Катышуучулар айтыш маданияты, этнохит, эдномода, этнобий жанрлары боюнча тандалат. Сынакка 16 жаштан жогору таланттар катышууда. 

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Мамлекеттик иш-чараларды өткөрүү улуттук маданият борборунун бөлүмүнүн башчысы Эрмек Мукамбетов белгилегендей, тандоо туру Кыргыз Республикасынын конкурсанттары үчүн өтүүдө.

                      

- “Бүгүн Кыргызстандын бардык аймактарынан, анын ичинде Бишкек жана Ош шаарларынан келген бийчилер, модельерлер, ырчылар өз өнөрлөрүн тартуулашат. Катышуучуларга талабыбыз жогору. Анткени тандоо турунун жеңүчүүлөрү “Көчмөндөр ааламы” фестивалында өлкөбүздүн намысын коргошот. Андан тышкары, калыстар тобун Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмерлери: Зухра Мамбетова, Ырыскелди Осмонкулов, Замира Молдошева, Жаныбек Чиледиров жана башкалар катышуучулардын талантын баалашат”, - деп белгиледи Э.Мукамбетов.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, калыстар тобунун мүчөсү Ырыскелди Осмонкуловдун айтымында, иш-чаранын негизги максаты – жаңы таланттарды табуу.

                      

- “Актердук чеберчиликке, вокалдык, хореографиялык белгилерге ээ таланттууларды издеп жатабыз. Тандоо элегинен өткөндөрдү, чоң өнөр секиде иштөөнү үйрөтөбүз”,- деди Ырыскелди Осмонкулов.

Эске салсак, эл аралык этномаданият фестивалы Бостери айылында 3-7-сентябрда,Ысык-Көл жээгиндеги “Nomad” амфитеатрында өтмөкчү. Фестивалдын программасында катышуучу өлкөлөрдүн маданиятын, тарыхын, элдин жашоосун чагылдырган улуттук маданий программалар камтылган. Иш-чарага 500дөй чет элдик меймандардын катышуусупландалууда.