05.09.2018 13:03

Гореш боюнча мелдештин жыйынтыгы

4-сентябрда Бактуу-Долоноту айылындагы (Ысык-Көл облусу) Дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинде гореш боюнча мелдештер болуп өттү. Мелдешке 14 өлкөдөн 32 спортчу катышты.

Жеңүүчүлөрдүн жана байге ээлеринин тизмеси:

62 кг чейин:

1-орун – Новруз Эйебердиев – Түркмөнстан – 70 миң сом;

2-орун – Алексей Абрамов – Россия– 35 миң сом;

3-орун – Евгений Бикташев – Россия – 17 миң 500 сом;

3-орун – Адилет Шалгынбек уулу – Казакстан - 17 миң 500 сом.

82 кг чейин:

1-орун – Режепгелди Гулынчниязов – Түркмөнстан- 70 миң сом;

2-орун – Руслан Табалдиев – Кыргызстан - 35 миң сом;

3-орун – Игорь Беслига – Молдова - 17 миң 500 сом;

3-орун – Георгий Канкава – Грузия - 17 миң 500 сом.

Абсолюттук салмактык категория:

1-орун – Ыбраимгулуев Арслан – Түркмөнстан - 70 миң сом;

2-орун – Тажигул уулу Байышбек – Кыргызстан - 35 миң сом;

3-орун – Амандык Абылай – Казакстан - 17 миң 500 сом;

3-орун – Рахимов Шерзод – Өзбекстан - 17 миң 500 сом.

Жалпы командалык эсеп:

1-орун – Түркмөнстан (3 алтын медаль)

2-орун – Кыргызстан (2 күмүш медаль)

3-орун – Россия (1 күмүш жана 1 коло)

Маалымат үчүн: Гореш – түркмөн элинин улуттук күрөшү, ал спорттук бел күрөшүнүн белгилүү бир түрү болуп саналат. Бул күрөштүн түп-тамыры эң илгерки убакка туура келет. Түркмөн элинин тарыхый булактарында бир гана эркектер эмес, аялдар дагы күрөштүн ыкмаларын билишкен деген маалыматты кезиктирүүгө болот.

Атагы чыккан балбандар шыктуу окуучуларды тарбиялап, алардан палвандарды, т.а. күрөштүн устаттарын даярдашкан. Алар да өз учурунда топтогон тажрыйбасын кийинки өзүнүн окуучуларына өткөрүшкөн. Кылымдарды карыткан «гореш» түркмөн күрөшү укумдан-тукумга берилип, азыркы күнгө чейин өзгөртүлбөстөн сакталып келди.

Миңдеген жылдар аралыгында түркмөндөрдүн бардык үй-бүлөлүк жана коомдук майрамдары менен салтанаттары жергиликтүү палвандардын таймашы жок өткөрүлгөн эмес. Мыкты балбандар тууралуу уламыштар, поэмалар ырлар жаралган. Байге катары материалдык сыйлыктар гана эмес, алардын укумдан-тукумга өлбөс-өчпөстүгү бериле турган таймаштар тууралуу ооздон-оозго өтүп келет.