03.08.2016 15:00

II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 29 мамлекет катышаарын тастыктады

Бир жуманын ичинде II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга дагы 9 мамлекет билдирме берди. Алар: Италия, Латвия, Литва, Нидерланды, Польша, Украина, Шри-Ланка, Индия жана Эстония.

Демек, ушул жылдын 3-августуна карата Көчмөндөр оюндарына катышаарын Азербайжан, Аргентина, Армения, Бразилия, Венгрия, Гватемала, Израиль, Индия, Индонезия, Италия, Казахстан, Кытай, Колумбия, Латвия, Литва, Монголия, Нидерланды, Пакистан, Перу, Польша, Орусия, (Башкортостан, Карачаево-Черкессия, Свердлов облусу, Челябинск облусу), Словакия, АКШ, Тажикстан, Түркмөнстан, Украина, Шри-Ланка, Эквадор жана Эстония тастыкташты.

Учурда чет мамлекеттерден ДКО 2016га катышуу тууралуу табыштамаларды кабыл алуу уланууда.

Маалымат: Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү тууралу Жобого ылайык, спорттук мелдештерге катыша турган мамлекеттер акыркы табыштамаларын ушул жылдын 7-августуна чейин жөнөтүшү керек.

II Дүйнөлүк көчмөн оюндары ушул жылдын 3-8-сентябрында Ысык-Көлдө өтөт. Мелдештердин программасында спорттун 23 түрү бар. Анын ичинде ат чабыш жана ат оюндары боюнча мелдештер, күрөш, улуттук оюндар, жаачылардын салттуу жаа атуу мелдештери, мергенчиликтин улуттук түрлөрүнүн спорттук мелдештер, салттуу интеллектуалдык оюндар.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы