19.08.2016 16:42

II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына ММКларды аккредитациялоо аяктады

2016-жылдыны 3-8-сентярында өтө турган II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жергиликтүү жана чет элдик массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн аккредитациялоо аяктады.

Массалык медианын чет өлкөлүк, республикалык, жергиликтүү телеканалдардын, радиолордун, газиттердин, журналдардын жана интернет порталдардын 487 өкүлү, ошондой эле блогерлер Көчмөндөр оюндарын чагылдыруу боюнча табыштама берген. Алардын арасынан 223 табыштама 35 мамлекеттин 90 чет элдик ММКсынан, 264 табыштама жергиликтүү массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнөн түшкөн.

Көчмөндөр оюндарын чагылдырууну Австралиянын, Азербайжандын, Армениянын, Беларусиянын, Улуу Британиянын, Германиянын, Грузиянын, Тажикстандын, Казакстандын, Швециянын, Малайзиянын, Молдованын, Орусиянын (аны менен кошо Башкортостан, Татарстан), Нидерландынын, Канаданын, АКШнын, Израилдин, Ирандын, Италиянын, Литванын, Түркиянын, Түркмөнстандын, Япониянын, Кытайдын, Франциянын, Эстониянын, Чехиянын, Венгриянын, Польшанын, Румыниянын, Украинанын, Катардын жана Корея Республикасынын алдыңкы ММКлары пландап жатат.

Келип түшкөн табыштамалар иштелип чыккандан кийин Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы жана КРнын Тышкы иштер министрлиги табыштамасын берген ММКнын өкүлдөрүнө кабыл алынган чечим тууралуу тиешелүү билдирүүнү жиберет.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы