19.07.2018 10:08

III ДКО театралдашкан көрсөтүүлөргө 200 ашык каскадёр,500 жакын бийчи жана артисттер даярдык көрүүдө

Алдыдагы Көчмөндөр оюнуна даярдык күчүндө. Белгилүү болгондой, спорттук бөлүгүнөн сырткары Көчмөндөр оюнунун программасы маданий жана тарыхый көрсөтүүлөргө бай. Кырчын жайлоосундагы жана “Nomad” амфитеатрындагы маданий көрсөтүүлөрдөн сырткары ачылыш, жабылыш аземдери эсте каларлыктай болоорун убадалашты. Учурда Бишкекте жана Ысык-Көлдө алдыдагы иш-чарага даярдыктар активдүү. Июль айынан тарта Дене тарбия жана спорт академиясынын манежинде Оюндардын ачылыш, жабылыш аземине өзүнчө курам даярданууда. 

Сахнадагы көрсөтүүлөрдүн репетитору Сырга Латыпова маалымдагандай, ачылыш, жабылышына даярдык июль айынын башында башталган. “Сахнадагы көрсөтүүлөрдүн иш планы, сценарийи бар. Учурда бардык театралдашкан көрсөтүүлөрдү коюудабыз”, - деди ал. Латыпованын айтымында, сахнадагы көпчүлүктү уюштурууга “Шаттык” бий ансамбли жана 500гө жакын бийчилер даярданууда.

“Негизги көрсөтүүлөргө “Шаттык” ансамблинин окуучулары тартылды. Калгандары өлкөдөгү жогорку окуу жайлардын студенттери, жаштар, массалык катышуучулар. Балдар да бар, программада балдар катышкан жерлери кездешет. Белгилесем, бардыгы оюндардын программасына катышкысы келишет.Азыр алар менен иштеп жатабыз. Анчалык балдардынубактысын алып, иш менен алаксытпайбыз. Репетиция учурунда балдарга кыйын болсо, аларды албаганга аракеттенебиз. Бирок, балдардын аракеттеринин натыйжасыжакшы”, - деди ал.

Мындан сырткары, III ДКОдогу сахна көрсөтүүлөрүнүн репетитору белгилегендей, даярдык иштерин Макеева, Латыпов, Токтосунова жана Шаршенова сыяктуу өлкөнүн тажрыйбалуу хореографтары, балетмейстрлери жана педагогдору алып барууда. “Бардык педагогдор “Шаттык”ансамблинде 25 жылдан кем эмес стажыга ээ жана тажрыйбалуулар. Бишкекте 25-28-августка чейин даярданабыз.Андан кийин негизги массалык курам жана группалар менен Ысык-Көлдүн ат майданында генералдык репетиция өткөрөбүз”, - деп жыйынтыктады Сырга Латыпова.

Борбордогу Касымалы Баялинов атындагы китепканада “Кырчын” жайлоосундагы маданий программага даярдыктар кызуу жүрүүдө. Жайлоодогу маданий программага жооптуу режиссёр Талант Апиев айткандай, Улуу кыргыз мамлекеттүлүгүнүн тарыхый мезгилин театралдаштырып көрсөтүү чечилген. “ Бир нече талкуулоолордон жана сунуштардан кийин Кырчында кыргыз элинин “Алтын кылымын” көрсөтүү кабыл алынган. Улуу кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түзүлүшүнүн сахнада көрсөтүлүүчү сценарийи бекитилди. Учурда уюштуруу маселелери жүрүүдө. Мындан сырткары жайлоодо облус театрларынын артисттери өнөрлөрүн көрсөтүшөт”, - деп жыйынтыктады Апиев.

Кырчындагы театралдашкан көрсөтүүлөрдүн кийимдерининхудожниги Айдай Асангулова маалымдагандай, Ошол мезгилдеги кыргыз элинин жашоосун чагылдырууга Улуу кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн мезгилиндеги кийимдерди максималдуу көрсөтүү үчүн издендик. “Өлкөнүн тарыхчылары менен кеңешип, керектүү материалдарды окуп, ишке кириштик. Бүгүн кийимдердин эскиздери да даяр”, - деди костюм боюнча художник Айдай Асангулова.