27.08.2018 14:49

III ДКО учурунда жол коопсуздугу боюнча кайрылууга түз байланыш 1262 телефону иштейт

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын учурунда  сутка бою жол коопсуздугу боюнча түз байланыш 1262 телефону иштейт.  Ушул телефондон жарандар, коноктор бардык операторлордон акысыз чыгып, жол коопсуздугу боюнча кеңири маалыматтарды ала алышат. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын конокторуна, катышуучуларына маалымдоо максатында ЖККББнын чыгарган буклетинде телефон номери жарыяланган. Буклетте жол схемасы, унаа токтотуучу жай, иш-чаралар өтүүчү аймактар, Тамчы айылындагы өтмөктөн тартып, Семенов айылына чейинки бурулуштан Кырчынга чейинки жол картасы так көрсөтүлгөн.

ЖККББнын жетекчиси Канат Жумагазиевдин айтымында, өтмөк блокторунда орус, кыргыз, англис тилдеринде эркин сүйлөгөн кызматкерлер күнү-түнү кезмектешип иштешет. Мындан сырткары, ЖККББнын кызматкерлери  III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында улуттук оюндар, Ысык-Көлдүн меймандостугу, Кыргызстандын тарыхы, иш-чаралар өтүүчү жерлерге каттоочу унаалар туурасында бир катар керектүү маалыматтарга да ээ.   

Алар үчүн орус,  англис тилдериндеги кызматкердин аты-жөнү жазылган бейждер даярдалган. “Биздин алдыбызга чет элдик жана республиканын бардык региондорунан келген коноктордун коопсуздугун жогорку деңгээлде камсыздоо максаты коюлган”, - деди Канат Жумагазиев.   

Кошумчаласак, ЖККББ III ДКОну уюштуруу тобунун «Медиа и PR» жумушчу тобуна автоунаага байланышкан маселелерди тез арада чечүүгө  адистештирилген унааны кызматкерлери менен  бөлүп берди. ЖМК өкүлдөрүн жайгаштырууну, ташууну  53 кичиавтобус 5 минивен камсыздайт. Чет өлкөлүк жана ата мекендик ЖМК өкүлдөрүн жайгаштырууга ЖККББ өзгөчө көңүл бөлөт.