23.08.2018 17:36

III ДКОдо Кырчын этношаарчасына акы төлөнүүчү кичи-бустар каттайт

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын конокторунун ыңгайына карап, 3-6-сентябрда Кырчын капчыгайындагы этношаарчага акы төлөнүүчү кичи-бустар каттайт

Жүргүнчүлөрдү жыйноочу негизги түйүндөр белгиленди:

- Чолпон-Ата шаарынын автобекети;

- Чолпон-Аты шаарынын ат майданы;

- «Ысык-Көл Аврора» санаторийи ( Булан-Сөгөттү айылы);

Жол киренин баасы аралыкка жараша бир адамга 50 сомдон 70 сомго чейин. Кырчын капчыгайына жеңил унаалардын  кыймылы бир гана багытта жүрөт. Унаалар Семёнов капчыгайынан кирип, Григорьев капчыгайынан чыгат.

Кырчындын өзүндө жогорку даражалуу конокторду ташыган  кортеждердин учурунда убактылуу чектөөлөр менен жүргүнчүлөр үчүн автоунаалар эки багытта жүргүзүлөт. Кырчын этношаарчасында 10 миң автоунаага ылайык акысыз унаа токтотуучу (жеке машиналуу коноктор үчүн) жай каралып, ал этношаарчанын маңдайына жайгаштырылган (дареги: https://goo.gl/maps/BFMkdacLWoQ2 ).