31.08.2018 15:40

III ДКОнун «Медиа жана PR» жумушучу тобу кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайт

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу, өткөрүү катчылыгы жана «Медиа жана PR» жумушучу тобу кыргызстандыктарды өлкөнүн Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайт.

«Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 27 жылдыгы менен куттуктайбыз. Эгемендүүлүк күнү менен Кыргызстандын элине өнүгүүнү, бакубаттуулукту, жетишкендикти каалайбыз», - деп белгиледи Катчылык. Бул куттуктоого III ДКОго катышууга келген чет элдик коноктор кошулушту. Кыргызстандыктарды өлкөнүн Көз карандысыздык күнү менен америкалык көк бөрүчүлөр да куттукташып: “...өлкөгө жана анын меймандос элине бактылуулук , бактылуулук жана ийгилик”, - деп каалашты.