01.09.2018 12:50

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын биринчи маалымат-жыйыны 2-сентябрда өтөт

    Эртең, 2-сентябрда саат 10.00дөн 11.00гө чейин Бактуу-Долоноту айылындагы дене тарбия – чыңдоо комплексинде (ДЧБ) III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын биринчи маалымат-жыйыны  өтөт.

   Ага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик  агенттигинин директору Канат Аманкулов, Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова жана III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын тең-режиссеру Виктор Фельд катышат.