04.07.2016 12:00

Якутия өзүнүн эң мыкты күлүк аттарынын Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарына катышуу мүмкүнчүлүгүн кароодо

Якутиянын мамлекеттик айыл-чарба академиясынын ат майданында 2016-жылы 2-июлда ат жарыштары өткөрүлүп, ага  ЯМАЧА, Якутия өкмөтүнүн төрагасы жана “Дерби”, “СпидСтара” жарыштарынын байгелери коюлду. 

 “Дерби” байгеси коюлган жарыштар – Якутиянын ат оюндары, ат спорту  үчүн маанилүү окуя. Мындан сырткары Өкмөттүн байгелери коюлган якут тукумундагы аттардын да жарыштары болду. Якутия эли үчүн ат оюндары маанилүү орунда турат. Бул спортко болгон кызыгуу ар бирибизде жашайт жана баардыгыбызды бириктирип турат” – деп Өкмөттүн төрагасынын биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу – республика өкмөтүнүн жана башкармалыгынын администрациясынын жетекчиси Юрий Куприянов белгилей кетти.

Бул жылы якут аттары, балким, дагы бир жолу өзүн көрсөтө алат. “Сентябрь айында Кыргызстанда “Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары” өткөрүлөт. Якутиянын башчысы бул иш-чарага чакыруу алды. Азыркы тапта якут аттарынын катышуусу боюнча маселе  каралып жатат, бул тууралуу республиканын ат спорту федерациясы менен кеңешебиз” – деп ЯСМА биринчи вице-премьер министри – айыл-чарба министри Петр Алексеев маалымдады.

Алынган булак: Ясиа.ru