31.03.2018 17:56

«Көчмөн ааламы» дебаттык турнири

     Жаштарды өнүтүрүү максатында Республикалык дебат борбору жыл сайын 20дан ашуун турнир өткөрүп келет. Турнирин максаты дебат технологиясы аркылуу жаштарды чечендик өнөргө, критикалык ой жүгүртүүгө, маалыматын кеңейтүүгө, интеллектуалдык потенциалын жогорулатууга салым кошуу. Ошондой эле  ЖОЖдордун студенттеринин ынтымагын бекемдөө, орто мектеп окуучулар, стуленттер жана коомдо ордун тапкан ийгиликтүү дебатчылар, коомдук ишмерлер менен муундар аралык көпүрө куруу болуп саналат.

                      

    Ар бир турнирдин өзгөчөлүгү жана басым жасаган тармагы болот. 31.03.2018ж. КРПМБАда  Республикалык дебат борбору Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Секретариаты менен биргеликте өткөрүлуп жаткан “КӨЧМӨН ААЛАМЫ” дебаттык турнири жыл ичиндеги эң актуалдуу турнир болууда.

                      

     Турнирдин максаты: улуу тарыхтын уюткусун сактоо, улуттук баалуулуктун беделин көтөрүү, кыргыз рухун ойготуу. Жаштар арасында популярдуу болуп келе жаткан дебат технологиясы  аркылуу көчмөндөр жашоо ыкмасын (карым-катнаш, маданият,экономика, саясат ж.б.у.с.)  сиңирүү болуп саналат.

     Турнирде 13төн ашуун ЖОЖдордун студенттери катышмакчы. Студенттер төмөнкү ЖОЖдордон келмекчи: КРПМБА, КУАУ, КУУ, КТМУ,БГУ, КММА, КМЮА, КЭУ, КЭАУ, Чыгыш Университети, И.Арабаев атындагы КМУ, КИУ

Дареги жана убагы:

31 март 2018 ж. 09.00дөн 18.00 чейин

Бишкек ш, КРПМБА 4 кабат, 400 ауд.