04.09.2016 08:54

Көк бөрү боюнча тайпалык оюндар башталды

Бүгүн, 4-сентябрда II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында Көк бөрү боюнча тайпалык оюндар башталды. Жалпысынан Көк бөрү боюнча мелдештерге А жана Б топторуна бөлүнгөн 8 команда катышат.

Чучугулактын жыйынтыгы боюнча А тобуна АКШнын, Кытай Элдик Республикасынын, Казакстандын жана Орусиянын Красноярск шаарынын командалары кирди.

Б тобунда Көк бөрү боюнча Кыргызстандын, Түркиянын, Башкириянын (орусия) жана Ооганстандын курама командалары кирди.

Бүгүн АКШнын жана Красноярск шаарынын командалары ойноду. Красноярсктын командасы АКШны 17:7 эсеби менен жеңип чыкты. Америкалыктар Кыргызстанда Көк бөрү боюнча мелдештерге алгачкы жолу катышып жатат. Америка Кошмо Штаттарынан келген топ Вайоминг штатынын Жексон Холунан болгон 10 ковбойдон турат. 

Экинчи оюн Казакстандын жана Кытайдын командаларынын арасында өттү. Оюн 15:1 эсеп менен аяктап, Казакстандын командасы жеңүүчү болду.

Бүгүн, саат 14:00дө Башкирия менен Ооганстандын командаларынын арасында мелдеш өтмөкчү.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы