04.09.2018 17:49

Кырчын этношаарчасында америка жайлоосу ачылды

Кырчын капчыгайындагы этношаарчада америка жайлоосу ачылды, анда ар кайсы чатырчаларда кол өнөрчүлүк, англис тили боюнча боюнча мастер-класстар көрсөтүлүп, америкалык авторлордун китептерин окуу үчүн боз үй, америка кинолорун көрсөтүү үчүн боз үй тигилген. Америкалык оюндар үчүн спорттук зона жайгаштырылган. 

Андан тышкары, америка жайлоосунда типини – Американын түпкү элдеринин чатырчасын көрүүгө болот.

“Бизде индеецтер жашаган накта типи бар. Биз аны көчмөн элдердин канчалык окшош экендигин көрсөтүү үчүн тиккенбиз. Индеецтер дагы көчмөн эл. Этношаарчабыздын меймандары менен Американын маданиятын бөлүшүүнү каалайбыз» - деп белгилей кетти уюштуруучулар.

Америка жайлоосунда ошондой эле станция – гастродипломатия бар, анда тынчтык корпусунун волонтерлору америкалык шеф-повар, теле жылдызы жана блоггер Ри Драммонддун рецепти боюнча чабандестин рагусун даярдашат.

Америка жайлоосунун программасында америкалык «Вестерн трио» тобунун концерти жана музыканттар менен америкалык ырларды окуу каралган.

Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Америкадан 52 спортчу катышып жатат, алардын ичинде Вайомингден чабандестер, жаа атуучулар, ителги, бүркүтү менен мергенчилер келгенин белгилей кетебиз.