06.09.2018 21:42

Кырчын этношаарчасынын ишинин жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн, 6-сентябрда Бактуу-Долоноту айылындагы дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинде КР маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекованын, Кырчын этношаарчасындагы КР облустарынын Ордолору боюнча башкы режиссеру Зарылбек Молдобакировдун, КР Улуттук Кызыл Ай Коомунун Ысык-Көл облусундагы филиалынын директору Жыпаркүл Кадыраливанын, Удмуртиянын «Выль зардон» фольклордук ансамблинин жамаатынын жана Гвинеядан келген музыкалык топтун катышуусунда пресс-конференция болуп өттү. 

Пресс-конференция расмий эмес түрдө башталды, «Көчмөндөр ааламы» эл аралык фестивалынын катышуучулары, Удмуртиядан жана Гвинеядан келген коноктор журналисттер үчүн музыкалык чыгармаларды аткарып беришти.

Айнура Темирбекова  3-6-сентябрь күндөрү III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын этношаарчасы ачылгандыгын, ал жерде Этно-базарды, чет элдик катышуучулардын Ордолорун, Хан ордону, Коомдук бирикмелердин ордолорун, Пресс-ордону, Кыргызстандын 7 облусунун жана Бишкек жана Ош шаарларынын ордолорун көрүп чыгууга болорун белгилей кетти.

Зарылбек Молдобакировдын айтканына караганда Кырчын этношаарчасында миңдей боз үй тигилген. Ар бир облустун ордосу – өзүнчө уникалдуу болду, жана ар биринде региондун өзгөчөлүгү эске алынуу менен кыргыз элинин үрп-адатын жаан каада-салтын көрсөтүп жатышты.

“Көчмөндөрдүн турмуштук оюндары” салттуу искусствосу боюнча көрсөтмөлүү мелдештер өткөрүлдү, анда командалар көчмөн элдердин турмуш-тиричилигинде колдонулган искусствонун ар кандай салттуу түрлөрү боюнча жарышышты: “Ийик ийирүү” (Прядение пряжи), “Жүк жыйуу” (Складывание одеял в стопку), “Ала кийиз басуу” (Изготовление войлочного ковра), “Чий согуу” (Плетение войлочной циновки), “Жөө айтыш” (Состязание по мастерскому владению словом), “Уук жасалуучу талды тез аарчуу” (Быстрая  очистка жерди, используемой для установки юрты). Мелдештин бул түрлөрү боюнча толугуураак маалымат алуу үчүн төмөнкү сайтка кирсеңиздер болот: http://www.worldnomadgames.com/ru/news/ru/V-Kyrchyne-sostoiatsia-pokazatelnye-sorevnovaniia-po-traditsionnomu-iskusstvu/

Зарылбек Молдобакиров белгилеп кеткендей, ала кийиз басуу мелдешинин жүрүшүндө, катышуучулар 1,5-2 сааттын ичинде конкурстук буюмду жасап коюшту, мурунку убактарда буга 1-2 күн кетчү.

Чет өлкөдөн келген туристтерди боз үйдү ылдам тигүү боюнча конкурс абдан таң калтырды, бул конкурста Ош шаарынын өкүлдөрү ишти болгону 7 мүнөт 18 сек. аткарышып, 1-орунду ээлешти.

 Пресс-конференцияда КР Кызыл Ай Коомунун өкүлү Жыпаркүл Кадыралиева да Кырчын этношаарчасында жана ДКОнун алкагында иш-чаралар өткөрүлүп жаткан башка жерлерде уюм тарабынан окутулган волонтерлор керек болгон учурларда дарыгерге чейинки жардамды көрсөтүп жүрүшкөнүн журналисттерге маалым кыла кетти.