08.09.2016 17:35

Кырчын жайлоосу “Көчмөндөр ааламы” фестивалынан кийинки таштандылардан тазаланды

Бүгүн, 8-сентябрда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ыктыярчылар кыймылынын катышуучулары Кырчын жайлоосун тазалоо боюнча иш-чарага катышты. Кырчында 4-7-сентябрь күндөрү ДКО алкагында “Көчмөндөр ааламы” фольклордук фестивалы өткөрүлгөн.

600гө жакын катышуучу – Ысык-Көл облусунун мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү жана ыктыярчылар спорттун улуттук түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлгөн бир нече километр аянтты, боз үйлөр шаарчасын жана аянтачасын бөлүштүрүп алган соң, тазалоону таңга маал баштаган.

Мындан сырткары, бул иш-чарага атайын тазалоо каражаттарын колдонгон муниципалдык кызматтар да тартылды.

Аягында таштандынын бардыгы Ысык-Көл облусунун муниципалдык кызматтары тарабынан жайлоодон чыгарылды. Эки таштанды  жыйноочу унаа 10 ирээт рейс жасап, болжолу менен 60 тонна таштандыны чыгарган.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы