15.08.2016 13:27

Кырчын жайлоосунда 4-7-сентябрда “Көчмөндөр ааламы” фольклордук фестивалы өтөт

Алдыбыздагы экинчи Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда 2016 жылдын 4-7-сентябрында “Көчмөндөр ааламы” фольклордук фестивалы өтөт.

“Хан-Ордо” этношаарчанын борбордук аянтчасы болот. Ал жакта көркөмдүү фольклордук фестиваль уюштурулат.

“Көчмөндөр ааламы” фестивалынын программасы өтө жыш жана ар тараптуу болмокчу. Этнофольклордук, музыкалдык жана бий коллективдеринин, жеке аткаруучулардын, төкмө акындардын, манасчылардын сахнадагы өнөрүн, Кытайдын маданият кербенинин келишин, улуттук кийимдердин көргөзмөсүн көрүүгө болот. Этношаарчанын коноктору үчүн Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынан келген артисттердин концертин жана Бишкек, Ош шаарларынан, өлкөнүн бардык облусунан келген маданий делегациялардын театралдаштырган сахнасы коюлат.

Ушул эле күндөрү “Кыргыз айылынын” аянтчаларында программалардын ар кандай түрлөрү боюнча конкурстар өткөрүлөт, алардын арасында төкмө акындардын, манасчылардын, элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн усталарынын да мелдештери бар. 

Конокторду улуттук кийимдердин жана улуттук ашкананын конкурстук көргөзмөсү жыргалга бөлөмөкчү. Ал эми КР облустарынын өкүлдөрү тез убакыттын ичинде боз үй тигүү боюнча мелдешке чыгышат.

Улуттук спорттук мелдештер да фестивалдын көрүүчүлөрүнө башкасынан кем эмес жана унутулгус көз ирмемдерди сөзсүз түрдө тартуулайт.

Экинчи Дүйнөлүк аөчмөндөр аюндары 2016-жылдын 3-8-сентябрында Ысык-Көлдө өтөт. Иш-чаранын программасына этноспорттун 23 түрү боюнча спорттук мелдештер, “Көчмөндөр ааламы” фольклордук фестивалы ж.б. маданий-спорттук иш-чаралар өткөрүлөт. Алар Чолпон-Атадагы ат майданында, Кырчын жайлоосунда, дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде өтөт.

Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын катчылыгы