03.09.2018 16:36

Кыргызстандыктар алгачкы мелдеште үч медалдын ээси болду

2-сентябрда Чолпон-Ата шаарында III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары  башталды. Оюндар башталган алгачкы күнү  тажик улуттук күрөшү боюнча 3 комплект медаль ойнотулду. Турнирге 11 өлкөнүн 27 спортчусу катышты.

Кыргызстандан 3 салмактык категория боюнча көрстүлдү (68, 82 килограммга чейинкилер жана абсолюттук салмактык категория). Алдын ала кармаштын жыйынтыгында кыргызтандык эки раунд менен финалга чыкты, дагы бири коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.

Финалдык кармашта 68 кг чейинки салмакка кыргызстандык Марлен Абдурасулов түркмөнстандык Бегенч Йагмуров менен чыкты. Мелдеш Абдурасуловдун жеңиши менен аяктап, турнирде алтын медалды жеңди.

Финалдык кармашта 82 килограммдык кыргызстандык Шерикбай Аманилла уулу россиялык Артур Зулкарнаев менен беттешти. Атаандашынан күчтүү чыккан россиялык спортчу алтын медалга татыктуу болду.

Үчүнчү медалды Кыргызстан  үчүн абсолюттук салмак категориясыан Кайрат Тойчиев жеңип алды. Бул салмактык категория боюнча  алтын медаль түркмөнстандык Аннамурат Мурадовго ооду .

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

Салмактык категориялар 68 килограммга чейин:

1-орун –Марлен Абдрасулов (Кыргызстан) – сыйлык фонду 75 миң сом;

2-орун – Бегенч Йагмуров (Түркмөнстан) – 35 миң сом;

3-орун – Муратхан Берикбол (Казакстан) – 17 миң 500 сом;

3-орун - Шабиев Разиль (Россия) 17 миң 500 сом.

 82 килограммга чейин:

1-орун – Артур Зулкарнаев (Россия) - 75 миң сом;

2 -орун – Шерикбай Аманилла уулу (Кыргызстан) - 35 миң сом;

3-орун – Силапберди Нуриев (Түркмөнстан) - 17 миң 500 сом;

3-орун - Элмаддин Рамазанов (Азербайжан) - 17 миң 500 сом.

Абслюттук салмак категориясы:

1-орун – Аннамурат Мурадов (Түркмөнстан) - 75 миң сом;

2-орун – Жонгор Паренбаатар (Монголия) - 35 миң сом;

3-орун – Кайрат Тойчиев (Кыргызстан) - 17 миң 500 сом;

3-орун - Максат Жандилдаев (Казакстан) - 17 миң 500 сом.