07.08.2018 14:57

Кыргызстандын сумо боюнча спортсмендери Ысык-Көлдө даярданышат

2018-жылдын 12-августунан 19-августка чейин Бостери айлында (Ысык-Көл областынын) сумо боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасы III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна даярдануу максатында төмөнкү курамда машыгуу өткөрөт:

Алмаз Эргешов, 1980-жылы туулган, МС

Тилек Усупов, 1972-жылы туулган, МС (резерв)

Эмиль Джаманкулов – башкы машыктыруучу

Сумо боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасынын машыгуудан өткөрүүгө Спорттун улуттук түрлөрү боюнча Дирекциянын бюджетинен 37000 сом каралган.