19.08.2016 11:11

Кытайдын маданият кербени Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына келет

2016-жылдын 20-августунда Кытай Элдик Республикасынын маданият жана кызматташтык кербени экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн Кыргызстанга келет.

1,5 километрге созулган кербен 56 төөдөн жана ат арабалуу 10 аттан, 13 унаалык кортежден, чатыр лагеринен жана чыгармачылык топтон турат.

Иш-чаранын уюштуруучулары маалымдагандай, кербен Кыргызстандын чек арасынан эки жер аркылуу: унаа жана расмий делегация кыргыз-кытай чек арасы тарабынан “Торугарт” өткөрүү пунктунан, ал эми төөлөр – Казакстан жактан “Ак-Тилек” өткөрүү пунктунан өтөт.

Мындай иш-чараны өткөрүү “Манас” жаштар республикалык ордосу тарабынан демилгеленип, II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналат. 

Кербендин жүрө турган жолу 355 километрди түзөт жана ал августтан тартып сентябрь айына чейин уланат. Катышуучулар Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын промоакциясы катары эл отурукташкан пункттардын борбордук көчөлөрүнөн жөө басып өтөт, андан соң Кырчын жайлоосундагы маданий программага катышат.

Белгилей кетсек, “Жибек жолу экономикалык алкагынын” концепциясын түзүүнүн алкагында кербен эски соода жолдорунан Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин жеке жетекчилиги астында Сиянь шаарынан тарта 2013-жылдын 19-сентябрда баштаган.

“Маданият жана кызматташтык кербенинин” алкагында салтанаттуу жолугушуулар, маданий жана маалыматтык иш-чаралар, кытайлык корпорация чыгарган чайдын эң мыкты сортун ооз тийүү, Кытай жана Кыргызстан тараптарынын маданий акциялары болот.

Кербен саякатынын аягы Ош шаарына дал келет. Бул шаар Улуу Жибек Жолунун маанилүү борборлорунан болуп саналат.

Эскерте кетсек, экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2016-жылы 3-8-сентябрда Ысык-Көлдө өтөт.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы