24.08.2018 18:37

“Манас” аэропорту III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна келе турган конокторду тосуп алууга алууга даяр

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна келе турган коноктордун негизги агымын, “Манас” аэропорту тосуп алат. Бүгүнкү күндө аэропорттун бардык инфратүзүмү чет элдик конокторду тосууга даяр.

Аэропортко өзүнүн жеке автоунаасы жана такси менен барууга болот, ошондой эле коомдук транспорт же шаттл-бас менен бара алышат, алар жүргүнчүлөрдү аэропорттун борбордук эшигине чейин жеткиришет.

Автоунаа куюучу жайда кезек күтүү жок, себеби аэропорттун аймагында А,Б,С - 3 автоунаа токтотуучу жайы бар. Автоунаалардын агымы бөлүнгөн жана автоунааны өткөрүү системасы автоматташтырылган.  Ар бир унаа токтотуучу жайдын кире беришине өткөрмө пункту орнотулган.  

• А унаа токтотуучу жайы – бекер;

• В унаа токтотуучу жайы  – бир саатка 40 cом жана суткасына 200 сом;

• С унаа токтотуучу жайы – бир саатка 60 сом жана суткасына 360 сом. 

Аэробекетке кире бергенде эле көрүнүктүү пиктограмма – атайын багыт көрсөтүүчү жана мнемотүзүлүш жайгаштырылган, булар комплекстин ичинде жүргөндө багыттарды табууга жардам берет.

Учуп келүү – учуп кетүү тууралуу маалыматтар кыргыз, англис жана орус, тилдеринде, бул маалыматтар биринчи жана экинчи кабатта заманбап тактага чыгарылып турат.

Эл аралык “Манас” аэропортунда мүмкүнчүлүгү чектелген жүргүнчүлөрдү тосуп алуучу жана узатуучу кызматкерлер иштешет. Бул категориядагы жүргүнчүлөр үчүн аэропортто атайын көтөрүүчү тепкичтер, лифттер жана дааратканалар каралган, ал эми аларды учактын бортуна коопсуз жана ыңгайлуу отургузуу үчүн атайын унаалар жана амбулифттер тейлейт. 

Аэропорттун бардык аймагында бекер Wi-Fi жана атайын техникаларды кубаттандыруу үчүн жайлар бар. Ал эми досторун же туугандарын күткөндөр убакыттарын кафе, ресторан, дүкөндөрдө өткөрсө болот.

Каттоодон өткөн жүргүнчүлөр стерилденген аймакка өтүшөт, ал жерде Борбордук Азиядагы бирден бир чоң алымсыз соода дүкөндөрү жайгашкан. Күтүү зонасында тамеки тарткандар үчүн учуп-конуу тилкеси көрүнгөн бөлмө бар. Каалоочулар кафе-бардан кофе иче алышат жана ошондой эле укалоочу отургучтарды пайдалана алышат.

Аэропортто эне жана бала үчүн эки бөлмө, ошондой эле балдар ойноочу аянтча бар.