05.09.2018 16:14

Монгол бох күрөшү боюнча таймаштар аяктады

Бүгүн, 5-сентябрда, Бактуу-Долонотудагы дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинде III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында биринчи жолу Монгол бох салттуу монгол күрөшү боюнча мелдеш болуп өттү. Жекеме-жеке чыгып күрөшүүнүн бул түрүнө 14 өлкөдөн 14 спортчу катышты. Мурунку Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында күрөштүн бул түрү болгон эмес.

Турнирдин жеңүүчүлөрү:

1-орун – Дорж Анар – Монголия;

2-орун – Айдын Атансух – Кытай;

3-орун – Күрүчбек уулу Уларбек - Кыргызстан;

3 –место – Монгуш Айдын – Россия (Красноярск).

Байге фонду 140 миң сомду түзөт.

Алтын медалдын ээси 70 миң сом алат. Күмүш байгенин ээси – 35 миң сом жана коло медалды багындыргандар 17 миң 500 сомдон алышат.

Монгол бох – монголдордун салттуу күрөшү.

Таймашка эки балбан чыгат. Атаандашын атайын белгилеген аянттан түртүп чыгарса же анын таманынан башка дене мүчөсүн жерге тийгизсе утушка ээ болот.

Кармашта атаандашын тең салмактуу абалдан чыгаруу үчүн бут менен чалуу, көтөрүп чабуу, кол менен туткундоо жана андан чыгуу, булкуу жана түртүү ыкмаларына жол берилет. Күрөштө кол менен буттан алууга да болот. Жеңишке жетүү үчүн атаандаштын тизесинен өйдөңкү дене мүчөлөрүнүн бирин жерге тийгизүү керек. Жер үстүндө күрөштүн улантылбаганы, байыртадан жоокерлер жалаң ат үстүндө болгондугун түшүндүрөт. Ал эми ат үстүнөн жыгылган жоокер тез арада өлүмгө дуушар болчу. Жеңиштин эң ардактуу түрү бул атаандашын чалкалатып жыгып, тизеси менен жерге ныгыруу болуп саналат.

Команданын курамы – 2 киши: 1 спортчу, 1 машыктыруучу.

Мелдешке 18 жашка толгон жана андан улуу спортчулар катышууга уруксат берилет. Мелдеш эркектер арасында абсолюттук салмактык категорияда өткөрүлөт. Мелдеш Монголиянын Эл аралык улуттук күрөш федерациясынын эрежелери боюнча өткөрүлөт. 

Абсолюттук салмактык категорияда жеңүүчү болгон спортчу «Көчмөндөрдүн улуу күрөшү» мелдешине катышууга укук алат.