07.09.2018 14:11

NOMAD: Этнофестивалдын негизги максаты – маданиятыбызды калыптандыруу

 6-сентябрда, Көчмөндөр оюндарынын алкагында  “Nоmad” амфитеатрында  “Көчмөндөр ааламы” этнофестивалынын салттуу ырлары, бийлери уланууда. Иш-чаранын жүрүшү Искусство фестивалынын  чөйрөсүндө өттү. Этнофестивалдын  көрүүчүлөрү майрамдык маанайдагы концерт көрүштү.  Искусство фестивалы  “Көчмөндөр шаасы” прологу менен башталды.

Майрамдын жүрүшүндө Ысык-Көл облусунун мурунку губернатору, Көчмөндөр оюндары долбоорунун автору Асхат Акибаев куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Ал өз сөзүндө Чет элдик конок катышуучуларга фестивалга ийгиликтүү катышууну, өз өлкөсүнүн, жеринин өзгөчөлүгүнүн философиясын  салтту ырлар, бийлери аркылуу кыргыз элине тааныштыраарын айтып өттү. Ошондой эле Көчмөндөр ааламынын алкагында өткөрүлгөн этнофестиваль бир катар чет өлкөлөрдүн башын кошуп, ошол элдердин маданияты менен таанышууга шарт түзөөрүн баса белгиледи. 

Фестивалдын расмий бөлүгүндө Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов: “Көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөрүлүп жаткан этнофестивалдын негизги максаты – дүйнө элдеринин маданияттарынын жок болуп бара жаткан компоненттерин сактап калуу”, - деди. Анын айтымында, 21-кылымда технология өнүгүп барат. Ааламдашуу доорунда, интернеттин заманында унутулуп бара жаткан маданият, каада-салттарды, үрп-адаттарды муундан-муунга өткөрүп, жаштарга мурас калтыруу керек. Бүгүнкү этнофестивалдан чет элдиктердин маданиятын, каада-салтын, кийим моодасындагы өзгөчөлүктөрдү көрүүгө болот.  Этнофестивалдын натыйжасында маданиятыбызды жаш муундарга жаратылыш гармониясы менен айкалыштыруу каралгандыгын баса белгиледи.

“Nоmad” амфитеатрында  Батыш-Америка, Гвинея-Бисау, Сьерра-Лионе, Либерия, Сенегал өлкөлөрүнүн музыкалык композициялары, Казакстандан Талгат Кожбановдун ооз комуз, Корея диаспорасынын барабанчыларынын салттуу аткаруусу, “Wel be” группасынын бий номери, Башкырстандын “Аргымак” тобунун аткарган салттуу чыгармалары көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, кол чабуулар менен коштолду. Мындан сырткары “Этномода” фестивалына катышууга келген Тажикстандан “Гурдофарид”, Тыванын “Эдегей”, Кыргызстандын “21-кылымдын шамандары” мода группаларынын  саркеч кийимдери элди кызыктырып, аренаны шаңга бөлөдү.

Этнофестивалга чет элдик  жана жергиликтүү өнөр ээлери 30дан ашуун  чыгармаларын  аткарышты. Алтай, Тыва, Монголия, Азербайжан, Түркия, Казакстан, Якутия, Кытай, Башкырстан сыяктуу дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнүн жана Кыргызстандын маданият ээлери салттуу ырларды, бийлерин көрсөтүштү. Мындан сырткары, катышууга келген өлкөлөрдүн саркеч кийимдери көрүүчүлөр алдында тартууланды.

“Көчмөндөр ааламы” этнофестивалына 300гө жакын өлкөлөрдүн  маданият делегаттары “Этнохит” «Этнобий», «Этносаркеч», «Этнобазар», «Этноүй», айтышуучулук өнөр (эпостор) жанрлары боюнча катышышмакчы.
Чет элдиктердин жана кыргызстандыктардын концерттик программасы 7-сентябрда аяктайт.