30.08.2016 12:38

National Geographic Traveler Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдырат

Туризм алкагындагы “National Geographic Traveler” алдыңкы америкалык басма Ысык-Көлдө 3-8-сентябрда өтө турчу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдырат. 

Басма журналисттердин тобун, ошондой эле сүрөтчүнү жана операторду  жиберет. Алар Оюндардын ачылыш жана жабылыш аземин, спорттук жана маданий-массалык иш-чаралардын жүрүшүн, ошондой эле мамлекеттеги дагы башка ири иш-чараларды дүйнөгө көрсөтүүнү пландап жатат.

Журналдын билдирүүсү боюнча, алардын окурмандары “National Geographic Traveler” басмасынын жаңы чыгарылыштарын, жаңылыктарын Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын аягына чейин Facebook, Twitter, Snapchat, Instagram социалдык тармактарындагы баракчаларынан көрө алат. Азыркы тапта ал баракчаларга жазылгандардын саны 16 миллионду түзөт.

Оюндардын жыйынтыгы боюгча басма 9 миллионго жеткен англис тилдүү окурмандар үчүн Оюндар, көчмөндөрдүн маданияты жана салт-санаалары, Кыргыз Республикасынын кооз жана кызыктуу жерлери тууралуу кенен материалды даярдаганы турат.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы