
Ордо мелдешинде лидерлик кыргызстандык командада
3-сентябрдан тарта Кырчын жайлоосунда ордо боюнча мелдеш өтүүдө. Ордо оюнуна Чехия, АКШ, Россия (Москва, Свердлов областтары), Тажикстан, Казакстан, Монголия сыяктуу дүйнөнүн 8 өлкөсүнүн 157 спортчусу катышууда.
Алгачкы эки күндүн жыйынтыгы:
3- сентябрь:
1-оюн: Тажикстан-Казакстан – 2:0
2-оюн: Кыргызстан-Монголия – 3:0
3-оюн: Россия (Москва областы) - Чехия – 2:0
4-оюн: Россия (Свердлов областы) - АКШ – 2:0
4-сентябрь:
1-оюн: Кыргызстан -Россия (Москва областы) – 2:0
2-оюн: Тажикстан-АКШ – 2:0
3-оюн: Чехия-Монголия – 2:0
4-оюн: Казакстан- Россия (Свердлов областы) – 2:0
5 сентябрда саат 10:00дө Кыргызстан-Чехия и Тажикстан-Россия (Свердлов областы). Ошондой эле саат 14:00дө 5-6 орундар үчүн ордочулар мелдешке чыгышат.
Эске салсак, ордо оюндары 2018-жылдын 6-сентябрында аяктайт. Оюндар Кырчын жайлоосунда уланууда.
Маалымдама: ордо командаларынын курамы 9 адамдан туруп, 8и оюнчу, 1и машыктыруучу. Оюнга 18 жаштан өйдөкүлөргө уруксат берилип, мелдеш эркектер арасында өтөт.