05.09.2018 15:58

Өзбекстандын Көк бөрүчүлөр командасы жарым финалга чыкты

Бүгүн, 5-сентябрда, Бактуу-Долонотудагы ат майданында Көк бөрү боюнча топтук таймаштардагы акыркы оюндар өтүп жатат. D тобунда Өзбекстандын курама командасы жеңишке жетишип, жарым финалга чыкты. Өзбекстандыктардын француздар менен болгон оюну 19:6 эсебинде аяктады. Мурдараак биринчи эки жарым финалист аныкталган эле, алар Кыргызстандын курама командасы жана Москва шаарынын (Россия) командасы.

Бүгүн саат 15:00дө С тобундагы акыркы оюн башталат, анда Казакстандын курама командасы АКШ командасы менен кез келет.

А тобу

Кыргызстан

Алтай (РФ)                                                                  

Монголия

В тобу

Москва (РФ)

Афганстан

С тобу

Казакстан

АКШ

Красноярск (РФ)

D тобу

Башкыртстан

Франция

Өзбекстан