08.05.2016 12:00

Пекинде II Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарын таанытуу иш-чарасы болуп өттү


6-майда Пекин шаарында (Кытай) Кыргызстандын Кытайдагы Элчилиги тарабынан Кыргызстандын туристтик потенциалы  жана Экинчи Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары тууралуу таанытуу иш-чарасы уюштурулду.  Бул тууралуу маалыматты КРнын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Таанытуу иш-чарасына Кытай мамлекетинин министрликтеринин, ведомстволорунун жана туристтик компаниялардын өкүлдөрү, ошондой эле “Синьхуа”, “CCTV-русский” маалыматтык агенстволорунун жана “Кытай”, “Шелковый путь-ревю”  журналынын журналисттери  катышты.

Таанытуу иш-чарасы учурунда Элчилик тарабынан  Кыргызстан жана Экинчи Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары тууралуу видеоролик тартууланды, ал эми катышуучуларга болсо тиешелүү маалыматтык материалдар таркатылды.

Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Канайым Жумадилова 2014-жылы өткөрүлгөн Биринчи Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары жана 2016-жылы өткөрүлө турган Экинчи Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары, айрыкча бул туристтик фестивалдын тарыхы, максаты жана негизги миссиясы тууралуу сөз кылды.

Жакында өткөрүлө турган Оюндардын уникалдуулугун жана көркөмдүүлүгүн баса белгилеп өткөн элчи К. Бактыгулова  таанытуу иш-чарасынын катышуучуларын Кыргызстанга келип, Экинчи Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарына да активдүү катышуусуна чакырды.  

Кытайдын Кыргызстандагы экс-элчиси Яо Пейшен элчи катары Кыргызстанда иштеп жүргөн мезгилде кандай таасирде калгандыгын баяндап берип, Кытайлыктарга Кыргызстанга келип кетишин сунуштады.  

Алынган булак: AKIpress Культура