03.09.2018 23:39

Президент III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ачык деп жарыяларды

Ысык-Көлдүн Бактуу-Долоноту айылында Өлкө башчысы Президент Сооронбай Жээнбеков III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ачык деп расмий жарыялады.  

       Ат майдандын аянтында Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын, Түркиянын,     Венгриянын өлкө башчыларын, чет элдик конокторду жана Кыргызстандын элин сыймыктануу менен куттуктады.

Ал өлкө башчыларынын катышуусун кыргыз элине жана жетишкендиктерине болгон сыйы деп белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков 2012-жылы Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык Кеңешинин отрурумунда көчмөндөр цивилизациясынын маданиятынын кайра жаралуусуна түрткү берүү максатында III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү демилгеси колдоого алынгандыгын кошумчалады.

Президенттин расмий билдирүүсүнүн алдында көрүүчүлөр адам жана жашоонун жаралуусу, көчмөндөр цивилизациясынын пайда болушу сыяктуу бөлүмдөрдөн турган “Ааламдын жаралуусу” театралдык көрсөтүүсүнө күбө болушту.

Жүздөгөн бийчилер аянтта лазердик нурлардын жана жасалгалардын коштоосунда көчмөн жашоону жана маданиятты жаратышты. Андан кийин Көчмөндөр оюндарына катышуучу өлкөлөрдүн катышуусунда расмий парад өттү.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган жубайы менен,Казакстан мамлекетинин башчысы Нурсултан Назарбаев, Татарстандын президенти Рустам Миниханов, мураскер принц Фуджейра (ОАЭ) шейх Мохаммед бин Хамад бин Мохаммед Аль Шарки, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан жана жогорку даражадагы меймандар келишти.

Оюндар 2-8-сентябрда Чолпон-Атада жана Кырчында болот. Ага 66 өлкөдөн 1556 спортчу жана Россиянын 11 субъекттери катышат.

 

И СПОРТА КР