07.09.2016 17:56

Улуттук банк ДКО “Улуттук спорт жана элдик оюндар” деген аталышта коллекциялык тыйындарын чыгарды

Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Чолпон-Ата шаарында нумизматикалык продукциясын, алтын куймаларын көргөзмөгө жана сатыка алып чыкты. Экспозиция 20 жыл аралыгындагы күмүш жана алтындан жасалган эстелик тыйындарынан турду.  Эл астына коюлган экспонаттардын арасында акыркы учурдун таламы болгон “Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары” тыйыны, “Кыргыз мамлекетинин эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына” карата чыгарылган күмүш тыйыны, алардын арасында эң ардактуусу Берлин шаарында “Жылдын тыйыны” делген “Улуу жибек жолу” күмүш тыйыны болуп саналат. Андан тышкары “Кыргыз Каганаты доору”, “Улуттук спорттун түрлөрү жана элдик оюндар”, “Жибек жолундагы Кыргызстан”, “Кыргызстандын кызыл китеби”, “Чынгыз Айтматовдун чыгармалары” ж.н.б. тыйындар коюлду.

Кыргызстандын коллекциялык тыйындары жалан гана сувенирдик же коллекциялык тыйындар болбостон тарыхты өзүнө камтып, баяндаган экспонат. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы коллекциялык тыйындарды мамлекеттин тарыхын кылымдан кылымга жеткирип калтыруу максатта чыгырып келет. Ар бир тарыхый окуяларга анын ичинде Кыргыз Мамлекетинин түптөлүшү, маданий эстеликтер, мааракелүү күндөр, спорт жана маданияттагы жетишкендиктерге, улуттук каада салттар жана оюндардын кайра жанданышы, Кыргызстандагы фауна жана флорадагы азайып бараткан жандыктарды даңазалоого багытталган. Коллекциялык тыйындардын тематикасы Кыргыздын өздүк балуулуктарынын кооздугун мүнөздөп анын артыкчылыгын көрсөтөт. “Эпос Манастын 1000 жылдыгы”, “Тарыхый окуя”, “Кыргыз Мамлекеттүүлүгү”, “Кыргыз Каганатынын доору”, “Эл аралык тоо жылы”, “Жибек жолундагы Кыргызстан”, “Чынгыз Айтматовдун чыгармалары”, Кыргызстандын тарыхый эстеликтери жана курулуштары”, “Улуттук спорттор жана элдик оюндар”, “Улуттук музыкалык аспаптар”, “Кыргызстандын кызыл китеби” делген бир катар юбилейлик тыйындар чыгарылган.

 ЕврАзЭБ мамлекеттердин ичиндеги борбордук банктардын арасында уюштурулган, эл аралык тыйындар программасынын алкагында баалу темирлерден куюлуп, күмүштөн жасалган коллекциялык тыйындар көрсөтүлгөн, алар: . “ЕврАзЭБ мамлекеттердин борборлору”, “ЕврАзЭБ мамлекетиндеги жаныбарлар”, “ЕврАзЭБ мамлекеттеринин жомоктору жана уламыштары”, “ЕврАзЭБ мамлекеттериндеги улуттук каада салттар жана жөролгөлөр”, “ЕврАзЭБтин 10 жылдыгы”, “Балдарыбыздын тынчтыгы”, “Улуу жибек жолу”. 2015-жылы эл аралык тыйын программасынын алкагында Белорус, Казахстан, Кыргызстан жана Россия Федерацииясынын улуттук банктары тарабынан күмүштөн жасалган “Евразиялык экономика биримдиги” эстелик тыйындары чыгарылган.

Улуттук банк коллекциялык тыйындарды чыгарууда заманбап тыйын чыгаруу технологияларын колдонуу менен чыгарат: алтын жалатылып, голограммалар, тампондук басылмалар, оксидирлө, бир катар балуу таштарды коюу менен (бриллиант, Сваровск кристалы).

Эстелик тыйындарын чыгарууну пландаштырганда Улуттук банк темалардын рейтинги боюнча маркетингтик изилдөөнү уюштурат, ар тараптуу кардарлар жана коллекционерлердин арасындагы кеңири талкууга алынган популярдуу темаларды чагылдырганга аракет кылат. Теманы тандалуусу, жалпы концепция жана катар чыгарылыштын ишке ашырылышы Улуттук банктын башкармалыгы тарабынан аныкталат. Экскиздик долбоорлордогу коллекциялык тыйындарды чыгарууда сырттан профессионарл дизайнер, сүрөтчүлөр тартылат.

Коллекциялык тыйындарды чыгаруунун эң негизги максаттары: тарыхый балуулуктарды сактоо, патриоттулука жана жарандыкка тарбиялоо, тарыхый окуяларды даңазалоо, кыргыз мамлекеттүүлүгүнө байланыштуу, этникалык улуттук спорт оюндарды даназалап, жандандыруу.

Чыгарылган тыйындар эл аралык конкурстарга катышат. Чынгыз Айтмотовго арналып чыгарылган бир катар тыйындар төртүнчү "Библио-Глобус" соода үйү тарабынан сыйлык, ардак грамота жана дпломго ээ болгон, ал  Санкт-Петербург шаарында өткөрүлгөн IV-эл аралык "Монетное созвездие – 2010" конкурсунда берилген. Ал эми “Улуу Жибек жолу” коллекциялык тыйын 2013-жылы "Жылдын тыйыны" деген наамга ээ болуп, Берлиндеги Krause Publications басма тарабынан берилген. Күмүштөн жасалган “Саймалуу-Таш” тыйыны Москва шаарында өткөрүлгөн «Монетное созвездие 2014» конкурсунда 3-орунга ээ болуп “Жылдын күмүш тыйыны” номинациясын алды.

КОШУМЧА МААЛЫМАТ
Улуттук банк 1995-2016-жылга чейин 43 күмүш, 12 катардан турган, 59 коллкциялык тыйын чыгарган ( “Кыргыз Каганатынын доору”, “Кыргыздын Барсбек каганы”, “Күмбөз Манас”, “Түндүк көтөрүү”, “Суверенирдүү Кыргызстан» ж.н.б. ), 4 алтын (“Манас”, «Ош-3000»,  «Курманжан датка» “Ак илбирс”),  2 мельхиордук (“Комуз”, «Кыз куумай»), 10 коло-никельдик («Таш Рабат», «Өзгөн архитектуралык комплекси», «Сулайман тоо», «Бурана», «Ысык-Көл» ж.н.б.).

КӨҢҮЛ БУРГУЛА!
Тыйын атайын шартта сакталышы зарыл. Айлана чөйрөдөгү: аба, нымдуулук, ысык, сууктан тыйын өз нумизматикалык балуулугун жоготот. Мындай бузулууга жолбербө үчүн атайын акрилдик капсулада сакталышы зарыл. Ошондо ал дайыма жаңы бойдон турат. Тыйынды колго кармаганда бетинен эмес капталынан кармоо керек. Бетинде калган колдун тактары, көзгө көрунбөгөн бузулуулардан улам тыйын өз нумезматикалык балуулугун жоготот. Ошол себептен тыйынды акрилдик капсуладан чыгарбоону баса эскертебиз.