07.05.2018 11:28

Улуу жеңиш күнүнө карата «Көк бөрү» мелдеши өткөрүлдү

                 

6-майда Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында Улуу Жеңиш күнүнө карата көк бөрү боюнча мелдештин биринчи күнү жыйынтыкталды.
Бул жылы боло турган Көк бөрүгө 10 команда катышат. Командалар Жогорку жана Биринчи лигаларына бөлүнгөн. Жогорку лигадагы 4 команда бири-бири менен  бир айлампа ойношуп, Жеңген команда жогорку упайга ээ болушат. Биринчи лигада 6 команда ойнойт.
6-майдын жыйынтыгы:
“Сары-Өзөн” – “Көк жал”  4:2
“Толкун” – “Жаш тилек”  8:4
“Достук” – “Четинди” – 15:3

“Ынтымак” – “Биримдик” – 5:3

7-майда саат 11:00дө  “Көк Жал” – Жаш Күч” и “Жаш тилек” – “Аафият” күч сынашты.

                   

Эске салсак, бул турнир “Аймактары өнүктүрүү жылына” карата жана Кыргызстандагы улуттук курама команда мүчөлөрүн III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата тандоо старты болмокчу. Республикалык улуттук ат оюндарын өткөрүүгө Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынан 3 миллион 467 миң сом бөлүндү.                         

Лигалардын курамы:

Жогорку лига: “Ынтымак”, “Достук”,  “Четинди”, “Биримдик”

Биринчи лига: “Көк Жал”, “Толкун”, “Аафият”, “Сары-Өзөн”, “Ысык-Көл-1”, “Ыссык-Көл-2”.