01.07.2016 18:00

Ысык-Көл облусунда ДКОнын алкагында улуттук ордо оюну боюнча эл аралык турнири  өткөрүлдү

24-июндан 29-июнга чейин Чолпон-Ата шаарында улуттук ордо оюну боюнча “Алтын томпой” эл аралык турнири өттү. Мелдешке Кыргызстандын, Тажикстандын жана Казакстандын 3 командасы катышты. Аталган турнир “Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары-2016” карата жүрүп жаткан даярдыктардын алкагында уюштурулду.

Мелдештин жыйынтыктары:
1-орун – “Кыргызстан” командасы;
2-орун – “Тажикстан” командасы;
3-орун – “Казакстан” командасы.

Жеңүүчүлөргө дипломдор, медалдар жана Кыргыз Республикасынын спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү дирекциясынын атайын Кубогу тапшырылды.

Эске салсак, жеңүүчү аталган команда Ысык-Көлдүн жээгинде Чолпон-Ата шаарында 3-8-сентябрда өтө турган Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарына катышат.