09.06.2016 12:00

Жаңы “Бүбүсара” аталышындагы Боинг эл аралык рейстер учурунда ДКО рекламасын жүргүзөт


Кыргызстандын тарых жана маданият жылына карата “Эйр Манас” авиакомпаниясы “737-800” Боингине кыргыздын таанымал балеринасы Бүбүсара Бейшеналиеванын ысымын ыйгарды, ага Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын логотиби түшүрүлдү.

 “Манас” эл аралык аэропортунда 8-июнь күнү жаңы “737-800” Боингин (каттоо номуру  - EX-37802) таанытуу иш-чарасы болуп өттү. Колдонуу укуктарын расмий түрдө ыйгаруу аземине Pegasus Airlines авиакомпаниясынын түрк жетекчилиги келди.

Бул пассажирдик учак Кыргызстан боюнча мындай класстагы экинчи Боинг, ошондой эле NG (Next Generation) муунунун Боинг-737 учактар түркүмүнүн эң популярдуу өкүлү болуп эсептелинет. Учак 737-400 моделин алмаштыруу максатында даярдалган жана акыркы моделинен жаңы канаты, куйрук жагы, цифралык кокпит жана андан да мыкты кыймылдаткычтары менен айырмаланып турат.

Авиалайнердин узундугу 39,5 метрди, канаттарынын кулачы 34,3 метрди түзөт. Максималдуу жүктөлүү менен учуштун ыраактыгы – 5,4 мин км, максималдуу крейсердик ылдамдык – 850 км/с.

Компаниянын өкүлдөрү билдиргендей “Эйр Манас” компаниясынын Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын өнөктөшү болгондугу Ысык-Көлдө эс алган жана Көчмөндөр Оюндарына катышкан коноктордун санын арттырууга мүмкүнчүлүк түзүп берет.

Башкы “Эйр Манас” авиакомпаниясынын директору Илгар Алптекиндин  айтымында, заманбап “Бүбүсара” Боингине ээ болуу Кыргызстан Өкмөтүнүн өлкөдө эл аралык хабты (негизги талабы авиалык жүк ташуу жана тейлөө коопсуздугунун заманбап стандарттарына жооп берүү)  түзүү боюнча  программасын ишке ашырууга компаниянын салымы болмокчу.

Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максутов лайнерге улуу кыргыз балеринасы Бүбүсара Бейшеналиеванын ысымын ыйгаргандыгы үчүн жетекчиликке ыраазычылыгын билдирди жана бул жогорку мамлекеттик деңгээлде бааланып жаткандыгын айтты. “Бул компанияга тиешелүү 3 учакка кыргыз: Айчүрөк, Акмарал жана Бүбүсара ысымдары ыйгарлыган. Бул көрүнүштү биздин энелерибизге жана аялзатка болгон сый-урмат катары бааласак болот деп ойлойм” – деди министр мырза.

“Лайнер Орусия, Индия, Кытай сыяктуу мамлекеттерге учууларды жасай тургандыгы күтүлүүдө. 2015-жылы Делиге карай рейс ишке ашкан, кийин Пекин рейстерин ишке ашыруу пландалып жатат” - деп “Эйр Манасә компаниясынын өкүлдөрү кошумчалай кетти.

Иш-чарага ошондой эле Pegasus Airlines компаниясынын башкы директору  Мехмет  Нане, Кыргыз Республикасынын транспорт министри Замирбек Айдаров, “Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары 2016” Катчылыгынын жетекчиси Султамбаев Нурдин ж.б. катышты.

Алынган булак: АКИpress