05.08.2016 08:00
Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарына катыша турган КРнын ордо боюнча курама командасынын курамы аныкталды
Экинчи Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарына катыша турган КРнын спорттун улуттук түрү ордо боюнча курама командасынын курамы аныкталды.
Спортчуларды тандоо Чолпон-Ата шаарында 24-29-августта өткөн “Алтын Томпой” Эл аралык турниринде жана Ош шаарында 28-апрелде өткөн Кыргызстандын чемпионатында жүргүзүлгөн.
Команданын курамында 8 спортчу бар. Спортчулар башкы машыктыруучу Жаныбек Айталиевдин жетекчилиги астында катышат.
Команданын курамы:
Кадырали Арзыбаев | 23.12.1963 | СЧТ |
Кыяз Сейталиев | 12.01.1980 | КРСЧ |
Бакытбек Кобошов | 28.01.1983 | КРСЧ |
Нуркалый Тажыканов | 27.12.1969 | СЧТ |
Улан Медетбеков | 11.06.1970 | 1-разряд |
Кубанычбек Монолдоров | 27.09.1995 | СЧТ |
Нурдин Нураков | 12.11.1971 | СЧТ |
Жылдызбек Озубеков | 09.08.1969 | КРСЧ |
Эскерте кетсек, Экинчи Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары Чолпон-Ата шаарында 3-8-сентябрда өтөт.
Алынган булак: КР Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы