III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Калкты тейлөө борбору чет өлкөлүк жарандарды каттоодон өткөрөт
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын учурунда 1-9 сентябрь күндөрү Калкты тейлөө борборунун (КТБ) чет өлкөлүк жарандарды Ысык-Көл облусунун Кырчын капчыгайында жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында Калкты тейлөө борборунун (КТБ) чет өлкөлүк жарандарды каттоо боюнча көчмө түйүндөрү иштейт.
Учурдагы иш-чара III ДКОго катышууга келген чет өлкөлүк конокторго мамлекеттик каттоо кызматынын жеткиликтүүлүгүн жана ыңгайлуулугун камсыздоо максатында демилгеленди.
Чет өлкөлүк жарандар каттоодон өтүү үчүн төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
Каттын (ходатайство) белгиленген формасы;
Паспорт же аны алмаштыруучу документ, чет өлкөлүк жарандын өздүгүн тастыктоочу документ:
Мамлекеттик пошлинаны төлөгөн дүмүрчөк.
Толук маалыматты КТБнын 119 номеринен биле аласыз (чалуу акысыз).
КР мыйзамына ылайык чет өлкөлүк жарандар өлкөгө киргенден кийин 5 күндүн ичинде каттоодон өтүшү керек.
Чет элдик жарандар каттоодон өтүшү үчүн керектүү документтер топтомун бул ссылкадан көрө аласыз:
Каттоодон бошотулган чет өлкөлүк жарандар үчүн документтер топтому төмөнкү:
http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/98720?cl=ru-ru#p1