25.07.2016 08:00

Якутиянын спорттук делегациясы Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарына катышат

9-июлда Якутск шаарында (Орусия) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Русланбек Жуманазаров Саха Республикасынын (Якутия) спорт министри Михаил Гуляев менен жолукту. Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиадалык комитетинин Спорт жана спорттук федерациялар менен иш алып баруу боюнча департаментинин директору Сагындык Усубалиев да катышты.

Жолугушуу учурунда М. Гуляев Кыргызстандын спорттук делегациясынын жетекчилигине “Азиянын балдары” аталышындагы VI эл аралык спорттук оюндарда көргөзгөн активдүү катышуусу үчүн ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле, министр Саха Республикасынын командасы Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарына катыша тургандыгын тастыктады.

Жолугушууда “таяк тартыш” (“мас-рестлинг”) деп аталган Якутиянын спорттун улуттук түрүн Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын программасына кошуу тууралуу маселе да каралды. “Кыргызстан якутиялыктардын спорттун улуттук түрлөрүн алдыга чыгаруу демилгесин колдойт. Маалым болгондой эле, таяк тартыш бул жылы Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын программасына кошулду”, - деп Русланбек Жуманазаров белгилеп өттү.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстандын делегациясынын өкүлдөрү якутиялык тарапка жылуу мамилеси үчүн өзүнүн ыраазычылыгын билдирип, Ысык-Көлдө 3-8-сентябрда өтө турган Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарына чакырды. Ушул эле күнү КР делегациясы “Азиянын балдары” оюндарынын эл аралык комитетинин президенти Дмитрий Глушко менен менен жолугушуу өткөрдү.

Делегациябыздын өкүлдөрү өзүнүн кесиптештерине эстеликке белектерди тартуулады.

Алынган булак: КРнын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы