Кадамыңар түз болсун! «Ысык-Көл» ордосунда 3 эгиздин тушоосу кесилди
6-сентябрда «Кырчын» этношаарчасындагы 140ка жакын боз үйдөн турган «Ысык-Көл» ордосунда 3 эгиздин тушоо кесүү тоюн театралдаштырып көрсөтүштү. Тойдо байыркы кыргыздын жашоосун чагылдырган каада-салттар, бата берүү, алгачкы кадам шилтегендеги ырым-жырымдар менен кошо аш-тойдун болоорун жарчы коштоп турду.
«Ысык-Көлдүн аксакалы жайкалган Бакайдай даанышманыбыз Карыпбек менен Каныкейдей апабыз Жаңылдын үч эм неберелеринин тушоосу кесилет. Тушоо кесилет, тушоо! Бери жагы Нарын, ар жагы Баткен, Ош, Жалал-Абад, жер соорусу – Сары-Өзөн-Чүйдөн бириң калбай келгиле. Батаңарды бергиле!» - деп мамлекеттин 7 дубанына той болоорун жар салган жарчынын жарында, бирге жаңы гана чыккан Адил, Аделя, Алия төрөлгөндө Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков наристелерге каалоо-тилегин билдирип, көрүп кеткен.
«Көчмөндөр оюндарынын алкагында ар бир облус, анын ичинен райондор кыргыздын байыркы каада-салттарын, үрп-адаттарын сахналаштырып көрсөтүп жатышат. Ысык-Көл ордосу ачылгандан тарта көчмөн элдин жашоосун чагылдырган көрсөтмөлөрдү көрүүчүлөргө коюп жатышат. Бүгүн «Кырчын» этношаарчасынын акыркы күнүндө Ысык-Көл району тушоо кесүү тюн театралдаштырып көрсөтөбүз. Алгачкы кадамды таштагандагы ак-кара жүндөн эшилген жиптин, журт атасы акылман аксакалдын, ак элчекчен байбичелердин берген батасынын философиялык маанисин, дегеле кыргыз жашоосун чагылдырабыз. Ысык-Көл районунда төрөлгөн 3 эмдин тушоосу кесилет», - деди Ысык-Көл райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Гүлнура Баякунова.
Райондун өкүлдөрүнүн, жаш үй-бүлөнүн, чоң атанын, чоң эненин, республиканын жети дубынан келген коноктордун жана чет өлкөлүктөрдүн катышуусу менен тушоо кесилди. Тушоо кесүүдө жарданып күткөн чыт курсак балдарды үч топко бөлүп 3 эмдин тушоосу кесилди. Тушоо тойго келгендердин баарына чачыла таратылып, конокторго салттуу бийлерден, салттуу ырлардан жана ак элчекчен апалардын ырларынан, комзчулар коштогон концерт көрсөтүлдү.