07.09.2018 13:39
Кыргызстан командасы ордо боюнча алтын жеңип алды
3-6-сентябрь күндөрү Кырчын этношаарчасында ордо боюнча мелдештер болуп өттү. Байгелүү орундар үчүн 7 өлкөдөн келген 8 команда ат салышты. Ар бир команданын курамында 9 киши бар: 8 оюнчу жана 1 машыктыруучу.
Турнирдин жыйынтыгы боюнча алтын медалды Кыргызстандын командасы жеңип алды:
Команданын курамасы:
- Майрамбек Касымалиев;
- Нурсултан Майрамбек уулу;
- Кубанычбек Монолдоров;
- Эркинбек Эсенбек уулу;
- Кубанычбек Сүйүнбеков;
- Кадырбек Акматов;
- Данияр Искендеров;
- Кубанычбек Аширалиев;
- Жаныбек Айталиев – машыктыруучу
2-орун, күмүш байгенин ээлери - Тажикстан командасы:
- Алмазбек Маманиязов;
- Уланбек Рахматулдиев;
- Азизбек Алиев;
- Маманур Жоошбаев
- Сулайман Абдулдаев;
- Мамат Алиев
- Бекташ Жусупалиев;
- Мырзабек Эсенгелди уулу;
- Жанполот Камчыбеков – машыктыруучу.
3-орунду Казакстандан келген команда жеңип алды:
- Еркебулан Абдиров;
- Айбол Зарубек;
- Биболсын Муса;
- Алмас Карабаев;
- Нурканат Молжигитов;
- Мурзамурат Каипбеков;
- Мухтар Ахметов;
- Айбек Кабдыганиев;
- Жоомарт Сабыржанов – машыктыруучу.
Биринчи орун үчүн байге - 500 миң сом, экинчи орун үчүн - 300 миң сом жана үчүнчү орун үчүн - 150 миң сом.