08.09.2018 13:12

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жыйынтыгы чыгарылды

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов бүгүн, 8-сентябрда, Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылындагы Дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинде болгон пресс-конференциянын жүрүшүндө III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жыйынтыгын чыгарды.

Ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан бардык уюштуруучуларга, катышуучуларга, меймандарга, көрүүчүлөргө жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлерине Оюндун ийгиликтүү аяктагандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

 «Соңуна чыгып бара жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары биздин тарыхыбыздагы, бардык көчмөн элдердин тарыхындагы эң маанилүү окуялардан болуп калды. Дүйнөлүк коомчулукта үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары  уникалдуу жана даңазалуу иш-чаралардын бири катары аталды, ага дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнүн спорт жана маданият делегациялары катышты. Оюндун уюштуруучулары бир канча кылым илгери көчмөндөр жашаган атмосфераны түзүүгө аракет кылышты», - деп айтып биринчи вице-премьер-министр, мелдештердин меймандары, журналисттер көчмөн элдердин турмуш-тиричилигине жана жашоосуна толугу менен сүңгүп кирип, жергиликтүү кооз, кол тие элек жаратылышыбыздан ырахат алышты деп үмүттөнөт.

 «Коомдогу ынтымагыбыздын жана биримдигибиздин, тилегибиздин бир болгондугунан улам Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жогорку деңгээлде өткөрө алдык. Бүгүн биз өткөрүлгөн оюндар «Күчүбүз бир! Рухубуз бир» деген ураан алдында тийиштүү деңгээлде өттү деп ишенимдүү айта алабыз», - деп айтты ал.

Кубатбек Боронов белгилеп өткөндөй, түрк тарап менен төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын 2020-жылы Түркияда өткөрүү тууралуу сүйлөшүүлөргө жетишилди. «Бул долбоор мындан ары да өнүгүп, өзүнө улам жаңы катышуучуларды тарта берерине ишенебиз», - деп баса белгиледи биринчи вице-премьер-министр. 

Ал III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууга республикалык бюджеттен 303,1 млн. сом бөлүнгөнүн (2016-ж. II ДКОго 258,6 млн. сом бөлүнгөн) маалымдай кетти. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жалпы байге фонду спорт бөлүгүндө 28 млн. сом, маданий бөлүгүндө 7 млн. сом суммасында бекитилген. 

 «Жүргүзүлгөн өтө чоң уюштуруу иштери үчүн бул ири ишке тартылгандардын бардыгына ыраазычылык билдиремин. Көрсөтүлгөн иш-чараларга даярдык көрүүдө жана III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында республикага келишкен көптөгөн конокторду тосуп алууда активдүү катышкандыктары үчүн бизнес өкүлдөрүнө жана волонтерлорго өзгөчө ыраазычылыгымды билдиргим келет», - деп айтты биринчи вице-премьер министр, ошону менен бирге уюштуруу мүнөзүндөгү жаралып калган маселелерге ыкчам жана уюшкандык менен мамиле кылган ишке тартылган бардык кызматтардын биргелешкен ишин белгилеп кетерин кошумчалады.   

Оюндардын программасына спорттун 37 түрү (2016-ж. спорттун 23 түрү) киргизилген. Көчмөндөр оюндарына 103 өлкөдөн спортчулар чакырылган болсо, 74 өлкөдөн 1976 катышуучу келди.

Кубатбек Бороновдун айтымында, спорттук мелдештердин алгачкы жыйынтыгын чыгарып жатып, республика үчүн мындай кубанычтуу фактыны белгилеп кетпесек болбойт – жалпы командалык эсепте Кыргыз Республикасынын курама командасы лидерликти кармап турат. Команданын эсебинде 100 медаль– 40 алтын, 30 күмүш жана 30 коло бар.

Таблицанын  экинчи сабында 69 медалы – 16 алтын, 24 күмүш жана 29 коло менен Казакстан курама командасы жайгашты. Россия командасы 3-орунда. Команданын 52 медалы бар, алардын 16сы алтын, 11и күмүш жана 25и коло.

Төртүнчү орунда Түркмөнстан командасы турат (27 медаль – 10 алтын, 5 күмүш, 12 коло). Бешинчи орунду 33 медалы менен Өзбекстан командасы ээледи, алардын 7си алтын, 8и күмүш жана 18и коло.

Бүгүн боло турган Оюндардын жабылуу аземинин жашырын сырын ачыктап, биринчи вице-премьер, ат майданындагы иш-чаранын меймандарын 500гө жакын артисттер, каскадерлор жана спортсмендер катышкан көрүнүктүү жана эсте кала турган шоу күтөөрүн айта кетти.

 «Кийинки Көчмөндөр оюндары 2020-жылы Түркияда боло тургандыгынан улам, жабылуу аземинин жүрүшүндө Оюндарды кабыл алуучу тарапка символикалуу берүү болот. Түркияга Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ыйык белгиси катарында идишке (КӨӨКӨРгө) мөңгү суусун бергени да символикалуу. Ошондой эле Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын даңктуу жеңүүчүлөрүнүн китеби да тапшырылмакчы», - дейт Кубатбек Боронов түшүндүрмө берип, мөңгү суусу тегин жерден тандалып алынган эмес. Учурдун башкы проблемаларынын бири болуп таза суу саналат. Ичүүчү мөңгү суусунун запасы 650 млрд. м3 түзгөн Кыргыз Республикасы экологиялык баланстын жана суу ресурстарынын сакталышына чоң маани берет. 

Өткөрүп берүү аземи өзүнө өзгөчө жөрөлгөнү камтыйт, алар мөңгүдөн сууну алуудан баштап аны этно-эскорттун коштоосунда негизи суунун жандуу күчү болуп саналган бакубаттуулукту жана гүлдөп өнүгүүнү каалоо менен бул символду ат майданынын борбордук аренасына жеткиришет. Бул кокусунан эмес, анткени суу өмүрдүн символу болуп эсептелет. Бул жөрөлгө Олимпиада отуна альтернатива болуп саналат жана өз күчү жана маңызы боюнча ага теңдеш.

Оюндардын ачылышындагы театрдашкан оюн көчмөндөрдүн философиясын ачып берсе, жабылуу аземинде бул тема азыркыга басым жасалуу менен улантылат.

 «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын уюштуруучуларынын бардыгына, катышуучуларына жана көрүүчүлөрүнө ыраазычылыгымды дагы бир жолу билдирип кетемин, алардын күч-аракетинин натыйжасында мелдештер жоррку деңгээлде уюшкандык менен өттү. Өткөрүлгөн оюндарды масштабдуу жана ыкчам чагылдырып тургандыктары үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө өзүнчө рахматымды айтамын», - деп сөзүн бүтүрдү Кубатбек Боронов.  

Төртүнчү ДКОну уюштурууга Кыргызстандын катышуусуна жана салымына карата журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, биринчи вице-премьер, түрк тараптан кайрылуу келип түшкөнүн билдирди. «Биринчи, экинчи, үчүнчү Көчмөндөр оюндарынын уюштуруучулар тобу төртүнчү Оюнду уюштурууга да катышат. Эгер бешинчи Көчмөндөр оюндарын өткөрүү боюнча кийинки өлкөдөн өтүнүч келип түшсө, биз аны да уюштурууга катышууга даярбыз. Биз бул маселеге кызыкдарбыз. Долбоор келечекте өнүгө бериши үчүн көчмөндөр оюндарын алдыга жылдыра берүүнү каалайбыз. 2020-жылы дагы Кыргызстан мелдештердин лидери болот деген ишенимибиз бар», - деп айтты Кубатбек Боронов. 

Оюндарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча катчылыктын башчысы Нурсултан Аденов ДКОнун расмий логотибинин андан ары колдонулушуна карата журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эмблемасына болгон укук Кыргыз Республикасына таандык деп билдирип кетти.

 «Бул биздин өлкөнүн интеллектуалдык менчиги. Түркия ушул логотипти кыргыз тараптын документтештирилген уруксаты менен гана колдонот. Биринчи, экинчи, үчүнчү Көчмөндөр оюндарын өткөрүү менен биз ар бир жолу брендбукту алмаштырып турабыз, башкача айтканда концепцияга ылайык негизги логотиптин айланасына жаңы сүрөттөр кошулуп турат, төртүнчү оюнда деле ошондой болот», - деп  айтты ал.

Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова Көчмөндөр оюндары дүйнөлүк прессада кеңири чагылдырылып турганын белгилеп кетти. Аккредиттелген 571 өкүлдүн ордуна, иш жүзүндө бул Оюндарга 56 өлкөнүн чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттарынын 604 өкүлү катышып жатат. Алардын ичинен 50сү телеканал, 12си радиостанция, 67си маалымат агенттиги, 48и газета жана 50сү блогерлер.

Көчмөндөр оюндарын ата мекендик 70 жалпыга маалымдоо каражаттарынын 700дөн ашык өкүлү баяндап жатышты. Алардын ичинен 26сы Интернет басылмалары, 7си радио, 30дан ашыгы мамлекеттик, облустук, жеке телеканалдар, 12си басылмалар.