Ай туягы жер чапчып, күлүк түшөт жарышка
Көчмөн жашоодо кыргыз баласы эс тарткандан ат жалында ойнойт. Секелектен тарта беш көкүл кыздар да мингенди билишкен. Ал тургай ак элечек байбичелер ат менен көч башын баштаганы тарыхта да кездешет. Дегеним, Көчмөндөр оюндарынын алкагындагы спорттук ат оюндарда күлук чапкан өспүрүм балдар арасында чолпон-аталык 15 жаштагы Назик Бурганакова ылдамдыкка чабуу боюнча 1600 метр аралыкты чаап өтүп, биринчиликти багындырды. Назик менен маектешкенимде чабуу техникасы, жылкыга болгон мамиле туурасында ой бөлүштү.
- Назик, айтсаң канча жашыңдан баштап ат мине баштадың?
- Кичинемде ат чабышка түшкөндөрдү көргөндө өзүмдү жокейчи элестетчүмүн. 11 жашка чыкканымда атамдын жардамы менен ат минүүнү үйрөндүм. Алгач мингенимде эле атам чарба атка эмес, күлүктүн жоошуна олтургузду. Кыргызда «ээрге олтурганда эле түз олтурду» деген сөз бар ошондон уламбы, буга чейинки ат чабыштарда байгелүү орундарды багындырдым.
Окуу жылы башталганда сабактардан кийин келип, ат менен машыгам. Машыктырганда тоого, көл жээкке бастырабыз
- Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында ылдамдыкка чабуу боюнча 1600 метр аралыкты багындырган күлүктүн тарыхына токтолсоң?
- Күлүгүм кулун кезинде Англиядан Кыргызстанга келген. Ат минип баштагандан тарта атам күлүк алып берем дегенин аткарды. Ал эки жашта. Мага майдын башында 5000 долларга сатып келишти. Ошондон тарта күлүгүмдүн жанынан чыкпай жай бою машыктым. Дегеним, Көчмөндөр оюндарына катышууга чакырык келди. Анткени, кээ бир жылкы азоо болот эмеспи. Атым экөөбүз тил табышып алдык.
Жылкысына кайра-кайра камчы баскандарга түшүнбөйм. Наристеге мамиле кылгандай назик, жумшак эркелетүүнү ээсинен күтөт. Чарба аттардан айырмаланып, күлүктөр назик келет. Башкалардай күлүктүн этин оорутпайм. Алардын да эти ооруйт. Ал да таарынат. Жылкынын кыймылын түшүнгөн адам гана ат үстүндө жүрө алат. Аттын көңүлү ачык же жок экенин, ооруганын, жаталак болгонун, тамак жебей калганын байкап калсам, дароо атама билдирем.
- Ат чабышка түшүш үчүн атты канча убакты көндүрөбүз?
- Орундарды багындыруу машакаттуу эмгекти талап кылат. Кышында бардык күлүктөр бир ай минилбейт. Аттарды көндүрүп, иштетип күлүккө тапташат. Ат чабыштын түрлөрүнө узун, кыска жана ылдамдыкка чабуу, кунан чабуу, жорго салуу түрлөрү бар. Ар бириинн аралыктары ар башка. Алсак, ылдамдыкка чабуу узундугу – 2 жаштагы күлүк 1400 метр, 3 жаштан өйдө 2400 м аралыкты камтыйт. Көчмөндөр оюндарындагы биринчиликте 1600 метр аралыкты чаап өттүк. Мени менен бирге Өзбекстандан, Россиядан, Казакстандан келгендер кунан чабышка түшүштү. Мага казактардын сулуу күлүктөрү абдан жакты. Алар Казакстандын чемпион аттары.
Ат чабуунун эрежесин айтып берейинчи, ат чабышка түшкөндө күлүк чарчабоосу, күчүн акыркы секунддарга сактоо керек. Марага 500 метр аралык түздүгү калганда күлүктүн оозун коё бердим. Эрежеси ушундай. Жөн жерден атка минбесем керек. Атам, чоң аталарым жылкы жандуу адамдардан. Мен үчүн акылын айткан, күлүк таптаган саяпкерлер. Чоң атам Бурганак кезинде 54-жылкы заводдун директору болуп иштеген. Чоң атам карыса да жылкынын сулууларын кармайт. Атамдын 7 күлүгү бар. Аларды багат. Күлүккө чыгарууга даярдайт.
- Байгелүү орунду алганыңда кандай сезимдердин кучагында калдың?
- 1 жылдан бери чоң ат чабыштарга түшүп жүрөм. Чабандес канчалык жеңил болсо, күлүккө да ошончо жеңил. Тажикстанга барып ылдамдыкка ат чаап экинчи орунду багындырып, 1500 доллар алдым. Чет мамлекетте сыйлыкка татыктуу болуш, Кыргызстандын намысын коргош кандай сыймыктуу. А мени менен классташтарым сыймыктанышат, алар ат чабышка түшкөнүмдө сүрөөндөгөнү келишет. Кыргызстанга жеңиш менен келе жатканыңда абдан толкунданасың. А Чолпон-Атада Жеңиш күнүнө карата республика аралык ат чабыш уюштурулуп, биринчиликти багындырдык. Жеңишке жетүү ийгилиги – атамдын эмгеги, кеңеши, саяпкерлиги деп ойлойм. Анткени күлүктү атам таптабаса, тандабаса, кайдан чабат элем. Кыргыздын улуттук ат оюнунун баалаган чоң атама, атама ыраазымын.