Эпостор

Эпостор

Кыргыздардын эпостору ооздон-оозго айтылып, урпактарга өткөрүлүп келген. Эпос көлөмдүү болуп айтылган. Манастын жана анын урпактарынын эрдиктери  тууралуу айткан кишилер “манасчы” деп аталат. Булар транска кирип, манас айтуу менен улуу эпосту элге жеткирген өзгөчо кишилер. Алардын эң эле мыкты дегендери манасты күндөп-түндөп айткан. Кантсе дагы, эң ардактуу эпос болуп бир гана”Манас” эпосу кала берет. Кыргыз фольклорунда көптөгөн башка кызыктуу чыгармалар да орун алган.

“Кожожаш”

Уруу түзүлүшү доорунда пайда болгон байыркы эпостордун бири. “Эр Төштүк” эпосундай эле анда дагы кыргыздардын тотемдик ишеними чагылдырылган. Чыгарма мифологиялык жандыктарга бай. Алар менен өзүнүн уруусунун, үй-бүлөсүнүн кызыкчылыгын коргогон жалгыз баатыр күрөшөт. Эрте пайда болгон эпостордун (“Кожожаш”, “Эр Төштүк”) өзгөчөлүгү мына ушунда. Эр Төштүктүн жана Кожожашдын душмандары жер алдында жашаган жаныбарлар, ажыдаарлар  жана жаратылыш жандыктары,  Манастын душмандары болсо  – өз жерине коопсуздук жараткан жат элдиктер болгон. Кожожаш – болуп көрбөгөндөй көркөмдүү бугуну (сөзсүз токойдун ханышасы болгон) колго түшүрүүнү кыялданып жүргөн мергенчи болгон. Узак кыштан кийин өзүнүн тукумун ачкачылыктан алып кала турган жигердүү мергенчи болгон Кожожашка эли ишенип, үйдөгү малдын эти менен тамактанбай калган. Ошентип отуруп алардын жаратылышка болгон мамилеси жырткычтыкка өтө баштайт. Албетте муну жаратылыш эч качан кечире албайт. Бугу – Сур Эчки көптөгөн эчкилердин энеси. Ал аларга чеги менен аңчылык кылууга уруксат берет, ашып кетсе ал аңчылык кылган адамга сөзсүз түрдө жообун кайтарат. Анткени анын каарынан эң мыкты деген мергенчи да, балдарынын баарын өлтүрүп, бирок өзүнө жете албай калган бойдон каза тапкан. Бул эпос адам жаратылышка ар дайым аяр мамиле жасашы керек деген адеп-ахлактык маани-мазмунга ээ.

“Эр Төштүк”

Эр Төштүк – көптөгөн башка элдин эпосторунда кезиктирүүгө мүмкүн болгон баатырдын образы. Ал өзүнө жакын болгон адамдардын жанын куткаруу үчүн жердин алдына кирет. Өзүнүн максатына жетүү үчүн түркүн мифологиялык жандыктар, жиндер, дөөлөр менен күрөшөт. Эпос алгачкы жолу орус түркологу В. В. Радлов тарабынан жазылган. Ал Шамшы айылындагы белгисиз жомокчудан уккан. Кийинчирээк эпостун эң мыкты варианты болуп Саякбай Каралаевдики табылат. Ал эми эпостун өзү болсо бир нече окумуштуулардын жана адабиятчылардын илимий изилдөөлөрүнүн объектисине айланган. Эпос убакыт өтүп акырындык менен жалгыз баатыр тууралуу байыркы уруулук эпостон “Манас” эпосунун дагы бир каарманына өзгөргөн.

Эр Төштүк уникалдуу баатыр – ата-энеси карып калганда пайда болгон, күн санап аябагандай тездик менен өсүп  чоңойгон уул, кийин тогуз бир тууганы дайынсыз жоголгонун угуп баардыгын табат дагы, аларды да үйлөндүрүп, өзү да аял алат. Бул эпостогу ыкмаларды дүйнөдөгү жомоктордун көбүнүн сюжетинде кезиктирүүгө болот: кичүү улуу баардыгын сактап калган баатыр, атасы бир жез кемпирге баласынын жанын саткан байкуш киши, жарым ишин аткара турган атты белек кылган сүйүктүүсү, ал сактаган жаныбарлар, аны сактап калган жаныбарлар. Алар менен бирге дарактагы сандыкка жаны катылган каардуу каарман, зымырык куш жана  дөө бар.

“Курманбек”

Курманбектен эпостордун алгачкы этабы башталган десек болот. Баатырлар жин-шайтандар жана сыйкырчылар менен эмес, чет жакалык басып алуучулар менен күрөшөт. Кийинки эпостордон эл кандай тарыхый этапты басып өткөндүгүн  алардын чыныгы душмандары (калмактар) чагылдырылгандыгынан жеңил эле айырмалоого болот. Эң эле мүнөздүү болгону, баатыр душмандардын колунан эмес, уруунун ичиндеги чыккынчылардын колунан каза табат.

Жаш баатыр Курманбек өжөр жана кайраттуу, элди калмактарга – басып алуучуларга  каршы чыгара алган чыныгы жол көрсөтүүчү. Анын баатырдыгы аны атак-даңктуу кылып, аты шамалдай сызып бат эле тарап кетет, бирок анын өз атасы баласынын кадыр-баркынын ашып бараткандыгын көрө албай, эң керектүү учур дегенде эң күчтүү жана ишенер атын алып коет дагы, андан бир канча алсыз атка алмаштырып салат. Курчоодон мындай ат менен чыга албай калган  Курманбек акыркы болгон күчүн жумшап күрөшөт, аягында жалгыз досу тирүү калат дагы, Курманбек ага жаны чыгып жатып, уулуна көз болуп туруусун керээз кылып көз жумат.

“Жоодарбешим”

Кыргыздар үчүн эң башкысы үй-бүлө, генеология  болгон, муну  жада калса эпостордун жана уламыштардын уландысынын болгондугу менен тастыктаса болот. Мисалы: Жоодарбешим Эр Төштүктүн уулу, тукумдун дагы бир улуу баатыры болуп чыга келет. Ал дагы атасынын мифтик душмандары – жез кемпирлер, жин-шайтандар жана дөөлөр менен күрөшүүнү улантат.

“Жаныш-Байыш”

Эки бир тууган баатыр тууралуу эпос 16-17-кк. пайда болгон. Ал эпос боюнча эки бир тууган эки перини кезиктирип, үйлөнөт. Аларды күчтүү душман катары көргөн калмак башкаруучусу чалгынчыны жиберет. Кийинчирээк ал чалгынчы бир туугандардын досу болуп жакындашат. Көздөгөн максатты ишке ашыруу үчүн беш жыл жумшалат, бирок чалгынчы бир күнү бир туугандарды тузакка түшүрөт. Курал-жараксыз колго түшкөн бир туугандардын бири туткунга түшүп, экинчиси жаракат алат. Бирок Жаныш качып кетет дагы, дары чөптөр менен өзүн дарылап алат. Андан ары сюжет грек мифтери сыяктуу өөрчүп кетет: хандын кызы Байышка качканга жардам  берет, жана жоокерлер менен келген бир тууганы менен ал кайрадан биригип, душманын талкалайт. Ал эми мекенинде одиссей окуясы болуп турган кез эле: такты хандардын аялдарына үйлөнүүнү чечкен кулдар ээлейт,  башкаруучулар өз мекенине жашыруун кирет. Албетте аягында чындык ачыкка чыгат, чыккынчылар өлүм жазасына тартылып, башкаруучулар сый-урматка татыктуу болушат. Ушундай эле сюжетке, бирок ар башкача аталышка ээ болгон эпостор башка элде да, казактарда, өзбектерде, Түштүк Сибирь элинде да бар.

“Эр Табылды”

Эр Табылды кыргыз элин калмактардан жана ички душмандардан – сатылып кеткен туугандардан сактаган каарман аскер болгон. Курманбектен айырмаланып, Эр Табылды ишенимдүү жоокерлеринин колдоосу менен бардык душмандарын жеңип чыгат.

“Жаңыл Мырза”

Эпос каармандарынын катарында Жаңыл Мырза сыяктуу аял кишинин да орду болгон. Ал – нойгут тукумунан чыккан, көптөгөн эркектерден да кайратуу айым болгон. Душмандарга салык төлөөнү каалабаган Жаңыл Мырза өз каалоосуна жетип, жеңип чыгат, бирок душман ага такыр башка тараптан сокку урууну чечет.  Аялдыкка сулуу жана да баатыр кызды алууну, анын баш көтөргөн улуу элин башкарууну каалаган үч хан нойгуттарга келет. Сыйды туура көрсөтө албастан алар кыздын колунан каза табат. Калган тукумдар андан коркуп, ага каршы биригет. Эли кыйрап кетпесин деген кыз карыган чалга турмушка чыгууга макул болот. Эгерде ал согуштук мелдештерге чакырылбаганда, Жаңыл Мырза жашоосун тынч улантып кете бермек. Курал менен бирге эле анда мурунку эрдиги жана кайраты да ойгонот, ошентип Жаңыл Мырза  жерине кайра кайтып, элин коргоону улантууга болгон күчүн жыйып келет.

“Кедейкан”

“Кедейкан” – чыныгы куулуктун жана амалдуулуктун чыгармасы десек болот. Башкы каарман  аскер дагы, коргоочу дагы эмес. Ал - каардуу хандан үч күнгө гана бийлигин мелдеште утуп алган куу амалдуу Кедейкан. Үч күн аяктаган соң бул амалдуу киши бийликти бергиси келбей, мурунку залим ханды сүрүп чыгарып, өзү жаңы жана адилеттүү бийлик жүргүзүп кетет.

“Ак-Мөөр”

“Ак-Мөөр” эпосун өзүнчө бөлүп кароо туура болсо керек. Бул сүйүү баяны эпостордун туу чокусуна жеткен. Анын күмбөзү азыркыга чейин Жол-Булак менен Чоң Кеминдин ортосундагы жолдо турат. Эпостун бир нече версиясы бар. Анын баардыгы эле окшош: көчөдөн ай чырайлуу, нур жүздүү, ак куунукундай мойну бар сулууну көрүп, Жантай хан көзүн ала албай калат. Ал аны Ак-Мөөр деп, атына затын жараштырып атап коет. Кийин хан ага үйлөнөт. Бир версия боюнча Ак-Мөөр башка бирөөнү  - жылкычыны сүйөт, бирок аны кыйнап ханга  турмушка чыгарып ийишет. Башкаруучунун көзү өткөндөн кийин жылкычыга бара берип,  раматылык күйөөсүнүн атын булгабасын деп, Ак Мөөрдү өлтүрүшөт.

Дагы бир версия боюнча Ак Мөөр өзүн-өзү өлтүрөт, бирок бул версия чындыкка анча жакын эмес, анткени ага күмбөз коюлбайт эле. Өзүн-өзү өлтүргөндөргө кыргыздар да баардыгы сыяктуу эле терс мамиле кылган: мүрзөгө көмгөн эмес, эскерген да эмес.

Үчүнчү версия боюнча жаш кызга сулуулук гана эмес, акыл-эстүүлүк жана намыскөйлүк мүнөздүү болгон. Мындай сулуулук менен ал калыңы жок туруп деле турмушка чыга берүүгө макул болгон, бирок анын өмүрлүк жолдошу татыктуу, эр-жүрөк баатыр гана болушу керек эле. Хан Соң-Көлдүн жээгинен өтө тургандыгын уккан кыз ошол тарапка жол тартат, албетте хан аны байкап калат. Хандын жубайы болгон соң ал жөн гана хан сарайдын көркү эмес, мыкты кеңешчи да болгон. Хан каза болордо, эки балалуу кылган жубайына дагы бир ирет турмушка чыгуусуна уруксат берген. Бирок ханга сүйүүсү чексиз болгон Ак-Мөөр күндө анын көрүстөнүнө барып ыйлайт. Ханыша өзүн-өзү өлтүрүп албасын деп, анын макулдугу менен каза таптырууну сарайдагылар чечет. Бул кадамга хандын ишенимдүү жардамчысы жана үй-бүлөнүн эң жакын досу Баяке баатыр барат. Ак-Мөөр мавзолейи азыркыга чейин ордунда турат. Ага эл кеңеш алуу үчүн келет. 

“Манас”

“Манас”, “Семетей” жана “Сейтек” үчилтигинен турган “Манас” эпосу ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген. Бул эпос дүйнөдөгү эпостордун эң көлөмдүүсү катары белгилүү, жада калса Гомердин да эмгектеринен алда канча чоң. Сюжет боюнча, Ногой хандын көзү өткөндөн кийин басып алуучулар кыргыздарды Ала-Тоодон сүрүп жиберет. Хандын уулу Жакып алтай калмактарына кызмат кылууга аргасыз болот. Абдан чоң эмгек менен ал байлык топтойт, бирок ага мураскор боло турчу уул көп жылдар бою такыр буйрубай коет. Жакып карып калганда гана Манас төрөлөт. Манас чыныгы баатыр болуп чоноет, бул тууралуу алтайдын калмактары душмандардын башкаруучусуна маалымдашат. Анткени баш ийбеген кыргыз элинин чыныгы баатыры жана лидери өсүп келе жаткан эле. Алгач Нескар деген  калмак аскер башчысынын аскери Манасты өлтүрүүгө аракет кылат, бирок Манас бөлүнүп кеткен урууларды бириктирип, аскер башчысын жеңип чыгат. Бул жаш жигиттин келечеги кең болорун көргөн кыргыздар гана эмес, маньчжурлар да, казактар да анын башаты алдында биригет. Андан кийин Манастын, анын жан-жөкөрлөрүнүн  эрдиктери баяндалат. Ар бир Манастын жан-жөкөрү өзгөчө бир орунга ээ. “Манас” эпосу дүйнөдөгү эң чоң эпос болгондуктан, аны эки ооз сөз менен айтып берүү мүмкүн эмес. Кыргыздардын бардык эпосторундагы каармандарынын эрдиктерин чогултканда да Манастын жасаган эрдиктери алда-канча көбүрөөк. Ал чыныгы душмандар менен күрөшкөн, бирок сыйкырдын да бул эпосто өз орду бар: Алмамбет тоо периси Аруукеге үйлөнөт. Манастын жубайы Бухара ханынын кызы Каныкей болот. Каныкейде сулуулук менен бирге эле өз ою да, күч десең күч, акыл десең акыл болгон. Дал ушул Каныкей өмүрлүк жолдошунун коюлган жерин душмандардын көзүнөн бапестеп даярдап, сактап жана катып койгон. “Манаста” мурунку эпостордогу ыкмалар колдонулган: башында ал эли үчүн аракет кылган жалгыз каарман жоокер, кийин элине өз мекенин кайтарып берген улуу баатыр болгон. Бул эпосто чыккынчылыкты даярдап жүргөн чет жакалык душмандар, көрө албаган туугандар, бааырдын күчүн баскысы келген жалганчы достор жана өзүнчө чыгармадагы  бир бутакты ээлеп турган сүйүү баяны да кенен баяндалып чагылдырылган.