III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча Катчылык
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча Катчылык (III ДКО Катчылык) – III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өз убагында жана сапаттуу өткөрүү максатында түзүлгөн мамлекеттик мекеме.
III ДКО Катчылык 2017-жылдын 8-ноябрында №733 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун негизинде түзүлгөн.
III ДКО Катчылыктын негизги максаты III ДКО даярдоо жана эл аралык деңгээлде өткөрүү боюнча иш-чаралар комплексин ишке ашыруу болуп саналат.
III ДКО Катчылыктын негизги милдеттери:
- III ДКО Катчылыктын алдында турган максаттардын алкагында уюштуруу иштерин өткөрүү;
- Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын брендин эл аралык аренада пропагандалоо жана андан ары илгерилетүү;
- III ДКО даярдоонун жана өткөрүүнүн алкагында аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана башка уюмдарга көмөктөшүү жана ишти координациялоо.
III ДКО Катчылыктын курамы:
- Аденов Нурсултан Нурланович – жетекчи
- Абдесова Айжан Нургалыевна – жетекчинин орун басары
- Термечикова Айгуль Дамировна – бухгалтер
- Камбаралиева Мээрим Камбаралиевна – адис (маданият)
- Надырбеков Союзбек Надырбекович – адис (илим, инфраструктура, ыктыярчылардын кыймыл)
- Талайбек уулу Каныбек – адис (логистика, коопсуздук, уюштуруу чаралар)
- Усенбеков Белек Нурбекович – адис (спорт)