III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ыктыярчылары тууралуу

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ыктыярчылары тууралуу

III Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын ыктыярчыларынын иш-аракеттери - жарандын өз каалоосу жана чын дили менен иш-чараны өткөрүү, өзүн-өзү өнүктүрүү жана ишин илгерилетүү.

III Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюнунун ыктыярчысы - Жашы 18ден жогору болгон Кыргыз Республикасынын жана чет өлкөлүк жарандар, өзүнүн тажрыйбасын, билимин, жөндөмдүүлүгүн жана убактысын жумшоо менен аткарып жаткан ыктыярчылык ишмердүүлүүгү үчүн каражат албастан, уюштуруу иштерине көмөктөшүүгө ниеттенгендер ыктыярчы деп эсептелинет. Алар менен жарандык жана укуктук келишим түзүлөт.

III Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарындагы ыктыярчылардын иш аракеттеринин багыты – уюштуруучуларга колдоо көрсөтүү жана иш-чаранын өтүүсүнө жардам берүү, тагыраак айтканда:

  • Илим багыты боюнча иш-чарага;
  • Маданият багыты боюнча иш-чарага;
  • Спорт багыты боюнча иш-чарага;
  • Уюштуруу иштерине, административдик жана башка тармактарга тиешелүү суроолорго.

Ыктыярчылар төмөнкү сапаттарга ээ болушу керек:

  • чет тилдерди билүү;
  • жоопкерчиликтүү;
  • команда менен иштей алган;
  • байланыш куруу, тил табышуу жөндөмдүүлүгү бар;
  • кыйынчылыктарга туруштук бере алган;
  • ыктыярчылык тажрыйбасы бар;
  • коом менен бирдикте иш алып барууну билүү;
  • лидерлик сапаттарга ээ болуу.

Ыктыярчыларды окутуу. Ыктыярчылар Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары жөнүндө, ыктыярчылык иш-аракеттериндеги багыттары тууралуу кенен маалымат ала алышат:

  • III Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары боюнча кенен  маалымат алуу;
  • Ыктыярчылыктын пайда болуу тарыхы (ыктыярчылык жана жаштар менен иш алып баруунун өзгөчөлүктөрү);
  • Биринчи тез жардам көрсөтүү; 
  • Кыргызстандын тарыхы жана маданияты тууралуу;
  • III Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары өтүүчү обьекттер боюнча локациялык окуулар (Бишкек жана Чолпон-Ата шаарларынын географиясы, Иподром, Кырчын жайлоосу, вокзал жана аэропорттордун жайгашкан жери тууралуу);
  • Дипломатиялык протокол жана этикет (коомдук дипломатия, делегацияларды тосуп алуу жана коштоп жүрүү);
  • Кыргыз Республикасынын спортунун улуттук түрлөрү жөнүндө (тарыхы, эрежелери);
  • Топту түзүү жөндөмдүүлүгү (топто иштөөнүн принциптери);
  • Байланыш куруу жана лидерлик сапаттар (ар кандай адамдар менен тил табышуу);

III Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары аркылуу ыктыячылар төмөндөгүдөй мүмкүнчүлүктөргө ээ болушат:

  • Кыргыз Республикасына таандык эл аралык, ири долбоорго катышуу мүмкүнчүлүгү;
  • Өлкөнүн өнүгүүсүнө өз салымын кошуу;
  • Мамлекеттик жана чет өлкөлүк белгилүү, улуу инсандар менен жолугушуу мүмкүнчүлүгү;
  • чет мамлекеттерден келген жаңы достор менен таанышуу;
  • чет тилдик тажрыйбасын байытуу; 
  • III Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын ачылыш жана жабылыш аземине, спорттук, маданий жана илимий иш-чараларга күбө болуу.

 

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча катчылык Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлиги  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын улуттук кызыл жарым ай коому